Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

СУЗАК РАЙОНУНУН АТУУЛДАРЫ ПИКЕТКЕ ЧЫГЫШТЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Соттордун туура эмес чечимдерине нааразы болгон Сузак районунун атуулдары буга дейре райондук сот алдында өткөрүп келаткан пикетин 16 –ноябрда Жалалабат обулустук бийликтин маңдайында улантышты.Алар сот реформасынын жүргүзүлүшүн, Сузак райондук сотунун төрагасы менен судьясын кызматтан алып, аларга кылмыш ишин козгоо жөнүндө президент Аскар Акаевге, Конституциялык жана Жогорку сотторго, облбийликке кайрылышты. Нааразы тарап менен губернатор Жусупбек Шарипов жана обулус прокурору Кубатбек Кожоналиев жолугушту.

Сузак райондук сотунун чечими менен үйү башка бирөөгө ыйгарылган Кимияхан Алибаева аттуу аял көз жумган. Алты баласы жетим калган аялдын үй-бүлөсүнөн башка 25тей жаран рай соттун алдындагы буга чейинки нааразылык акциясына бийликтегилер көңүл бурбагандыктан түрдүү плакаттар менен 16-ноябрда обл бийликтин алдында турушту. Алар сот реформасын жүргүзүү жана райсоттун төрагасы Сатыбалды Ташбаев менен судьясы Жаныбек Бекназаровду кызматтан кетирип, президент Аскар Акаевден, Конституциялык жана Жогорку сот башчылары менен баш прокурордон сотторго кылмыш иш ачууну талап кылышты.

Пикеттин максаты жөнүндө:

- Мыйзамсыз чечим, окүм жазгандыгына байланыштуу сот иштен кетүүсү тийиш. Ошондуктан президентибиз Аскар Акаевден булдарды иштен кетүүсүнө Указ чыгарылсын жана Конституциялык соттун судьясы Баековадан буларга кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу үчун уруксат берүүнү суранып кетер элем - деди акцияны уюштурган Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин областтагы координатору Молдосали Ибраимов.

Энесинен айрылган Наргиза Алибаева сотторду эл шайлоосун сунуш кылды:

- Аскар Акаевге айтам, сотторду эл шайласын. Кыргызстанда эл укугу барбы, же жокбу?

Алибаеванын оюн уланткан дагы бир пикетчи Айгүл өлкө башчыларына кайрылды:

- Аскар Акаев жана Курманбек Осмоновго судья Бекназаровдун ишин текшерүүгө комиссия жөнөтүңуздөр деп суранабыз. Апабыз уксус ичип өлдү, балдары биз да уксус ичип өлөбүз.

Үй талаш иши Жогорку соттун чечими менен бузулуп, жабырлануучунун өлгөндүгүнөн областтык сотто каралбай турат. Райондук соттун төрагасы Сатыбалды Ташбаев пикетчилердин оюн түшүнбөйт:

- Соттун чечими чыккан, Жогорку соттон каралып, бир бөлүгү бузулуп келип облустук сотко кайрадан берилген. Облустук соттон Алибаеванын дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу алар кароосун калтырган. Эч кандай тиешебиз жок биздин. Мен түшүнбөйм. Биз менен сүйлөшпөйт, биз эмес жактоочулары барса да сүйлөшпөйт, - Сатыбалды Ташбаев ушундай жообун угузду.

Облбийликтин маңдайында турган пикетчилер менен губернатор Жусупбек Шарипов жана облпрокурор Кубатбек Кожоналиев баарлашып, алардын талабын жогорку бийликтегилерге жеткирүүгө убада беришти:

- Негизи соттор адилет болушу керек. Аскар Акаевич деле коопсуздук Кеңеште сотторго катуу айтты эле «эгер сот адилет болбосо биз укуктук мамлекет кура албайбыз» деп. Татыктуу кишилер болуш керек. Эгерде туура эмес жасаган болсо биз жогору жака айтабыз, - деген облус башчы Жусупбек Шарипов нааразы болгондордун арызынын жообу кошумча маалымдалаарын айтып, пикетти токтотууга чакырды. Адам укугун коргоочу Молдосали Ибраимовдун жообу боюнча нааразылык өз тилегине жеткенде гана токтотулат.

XS
SM
MD
LG