Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ирактын Фаллужа шаарында АКШ аскерлери менен козголоңчулар ортосунда салгылашуу уланып жатат


Калаанын Йолан районунда жоокерлер Ефрат дарыясы аркылуу кайтып келген адабатчылар менен кармашы.
Эртең менен АКШ армиясынын өкүлү Анжела Боуман Фаллужадагы уруш басаңдап калганын, америкалык жана ирактык аскерлер шаарды козголоңчулардын калдыктарынан тазалоо рейдин улантып жатканын билдирген эле.
Түндүктөгү Бажы шаарында болсо америкалык патрулдун жанында машинага коюлган бомба жарылды.
Кошмо Штаттардын Ирактагы элчиси Жон Негропонте Фаллужа шаарында куралсыз, жарадар козголоңчунун америкалык аскерлер тарабынан атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу өкүнгөндүгүн билдирди. Күнөөлү аскер жоопко тартылышы керек, бирок бул окуя америкалык жоокерлердин аракеттерине көлөкө түшүрбөөгө тийиш деди элчи.
Америкалык телеканалдын оператору бир аскер кан сырап жаткан кишиге ок чыгарганын тартып алган. Бул окуя боюнча иликтөө башталганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG