Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

ЭЛДИК ПАТРИОТТУК КЫЙМЫЛ УЮШТУРГАН МИТИНГ МАКСАТЫНА ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ


«Азаттыктан» мурда кабарлагандай бүгүн « Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» уюштуруусу менен Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында президент Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы болуп өттү. Акцияны уюштуруучулардын бири-элдик патриоттук кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акун кечээ саат 17:00 бери дайынсыз жок болгондуктан митингге катышкан жок.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы 17-ноябрь күнү Өкмөт үйүнүн алдында, ондон ашуун кишинин катышуусу менен өттү. Акцияны уюштуруп жаткан «Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» жетекчиси Нурлан Мотуев төмөнкүчө сүйлөдү:

- Бүгүнкү митингдин максаты-президент Акаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү. Эл ишенбей калды, Акаевден тажап бүткөн. Ошондуктан тезирээк кетиши керек

Митингге келишкен карыялар президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып жатышты. Талас облусунан келген пенсионер Жакыпов:

- Чарба толук кыйрады. Шаарда өнөр жай токтоп турат. Акаев: «үч жылда Кыргызстанды Швейцария кылам» деген. Он үч жылда элинин отуз пайызы оокат кылам деп тентип, селсаяк болуп жүрөт. Акаев отставкага кетсин!

Дагы бир пенсионер Эсенаман Адылбековдун айтуусунда ата-бабадан калган элдин жерин башкага берүүгө президенттин акысы жок:

- Акаев Кытайга жерди берди. Конституция боюнча жерди бөлөк мамлекетке берүүгө бир да президенттин акысы жок. Жер-элдики! Ошондой эле Токмоктогу сонун самолетторду сатты. Эмне үчүн? Ага укукту ким берди?

Ал эми Ош шаарынын тургуну Алла Абдижалилованын айтуусунда, президент Акаев мурдагы мугалимдерди 600-700 сом пенсия менен эптеп жан багууга мажбурлап жатат:

- Мен кырк сегиз жыл орто мектепте мугалим болуп иштеп, 700 сом менен пенсияга чыктым. Өзүңөр деле айткылачы, азыр ушул акчага бир ай жашоого болобу. Кечээги мугалимдердин баары бүгүнкү жакыр элге айланып жатат. Ошондуктан мен президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылгандарга кошулдум.

Митингге нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири-Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун катышкан жок. Буга себеп: Турсунбек Акундун 16-ноябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткандыгы. Президент Акаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча элден кол чогултуу штабынын жетекчиси Назарбек Нышановдун айтуусунда Турсунбек Акундун минтип жок болуусу кооптуу болуп жатат:

- Турсунбек Акун түндө да үйүнө келбептир. Үйүнө чалып сурасак келинчеги өзү да издеп жаткандыгын айтты. Бизге да анын эмне себептен дайынсыз жок болуп жаткандыгы түшүнүксүз болуп жатат.

Турсунбек Акундун дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу анын жубайы Гуля Жапар кызы да айтты:

- Кечээ кечки саат беште бирөө менен жолугам деп чыгып кеткен боюнча жок. Бүгүн көз карандысыз байкоочу катары Украинага учмак. Менин оюмча, бүгүнкү митингге байланыштуу аны алпарып камап коюшкан окшойт. Кечээтен бери кабатыр болуп күтүп атабыз.

Кыргызстанда президент Акаевдин мөөнөтүн узартуу боюнча демилге көтөрүп чыгышкан «Элим менен элим үчүн» коомдук фонду өздөрүнө пикирлеш адамдардан кол чогултууну башташкан.

- Президент Аскар Акаевдин кылган жакшы иштерин көрүп-билип туруп, «эч нерсе болгон жок» деген адамдар арабызда көп. Алар бийликке капа болгон адамдар. Алардын баарына бирден чоң кызмат берүү керекпи? Мындай кишилер качан болбосун жакшылыктан жамандык издеп жүрүшөт. Тескерисинче биз оптимист болуп, жамандыктан жакшылык издешибиз керек, - деди фонддун жетекчиси Аманбек Сатыбаев.

Белгилей кетүүчү нерсе, учурда президент Акаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү үчүн аракеттер түштүктө уюшулган жаштардын «Ойгон Кыргызстан жаштары» саясий кыймылы тарабынан да жүргүзүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG