Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


18-ноябрь күнү Кыргызстандын башкы прокуратурасы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Кыргыз прокуратурасына 80 жыл толгондугу тууралуу айтылды. Мындан башка үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кант авиабазасынан кармалган шумкарлар, 16-ноябрь күнү Оштогу 5-СИЗОдо болгон жана башка окуялар тууралуу маалыматтар берилди.

Үстүбүздөгү жылы кыргыз прокуратурасынын түзүлгөнүнө 80 жыл толот. Бүгүнкү маалымат жыйынында айтылгандай учурда кыргыз прокуратурасында 622 адам эмгектенет. Алардын үчтөн бири жашы 30 га толо элек кызматкерлер болсо, жарымынан көбү орто жаштагы тажрыйбалуу адистер. Башкы прокуратурадагы мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөө башкарма жетекчиси Канат Аманкуловдун айтымында жыл башынан бери прокуратура кызматынын кийлигишүүсү менен энергетика тармагына калктан жана ишканалардан 40 млн сомдон ашуун карыз акча, өз убагында берилбей кармалып жаткан айлык акы, пенсия-пособиялар өндүрүлүп берилген:

- Биздин кызматкерлердин кийлигишүүсү менен эч кандай себепсиз берилбей кармалып жаткан 22 млн сомдон ашуун өлчөмдөгү айлык акы жана 5 млн сомдун айланасында пенсия-пособиялар өндүрүлүп берилди. Жалпысынан алганда биздин мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөө башкармалыгынын кийлигишүүсү менен үстүбүздөгү жылы 100 млн сомдун айланасында карыз акчалар өндүрүлүп, мамлекетке жана ээлерине кайтарылып берилди, - дейт Канат Аманкулов.

Мурдагы ички иштер жана прокуратура кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөчү, бажы жана улуттук коопсуздук кызматын, экономикалык кылмыштарды көзөмөлдөөчү үч бөлүмдүн негизинде башкы прокуратурада кылмыш изилдөөнү көзөмөлдөө боюнча атайын башкармалык түзүлгөн. Аталган башкармалыктын башчысы Нурлан Жээналиевдин айтымында:

- Тилекке каршы кызмат ордунан пайдаланып кылмышка барган кызматкерлердин саны дагы деле көп болуп жатат. Үстүбүздөгү жылда он айдын ичинде 465 атуулдун үстүнөн кызмат абалынан пайдаланып кылмышка баргандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Алардын ичинен 205 киши прокуратура тарабынан, 138 ИИМ, 40 каржы полициясы, 39 УККызматы тарабынан кармалган. Кармалгандардын көпчүлүгү: 205 бийлик кызматкерлери, калганы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык каржылоо тармагында иштегендер.

Башкы прокуратурада 4 жыл мурда атуулдардын жана жаза өтөө жайларындагы жарандардын укугун коргоо боюнча атайын орган түзүлгөн. Мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөөчү башкармалыктын жетекчиси Канат Аманкулов билдиргендей жыл сайын жаза өтөө жайлары аталган орган тарабынан текшерилип турат. Ал эми 16-ноябрдан бери Ош шаарында 5-СИЗО догу 18 адамдын мекеменин жетекчилигине карата өткөрүп жаткан нааразылык акциясы тууралуу сөз болгондо, Канат Алымкулов:

- Бул маселе боюнча атайын кызмат ошол фактылардын үстүндө иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Алар иликтеп, текшерип бүткөндөн кийин сиздерге кагаз жүзүндө жооп беребиз.

Маалымат жыйынында октябрь айынын аягында «Кант» авиабазасынан кармалган шумкарлар тууралуу да сөз жүрдү. Кылмыш изилдөөнү көзөмөлдөөчү башкарма жетекчиси Нурлан Жээналиевдин айтымында жалпы баасы 1 млн сомдон ашуун турган шумкарларды жүктөп жаткан жеринен кармалган Фунло Эдик Искаревич улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери болуп чыккан. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бирок коомчулукта кыргыз прокуратурасынын ишине канаатанбаган пикирлер да жок эмес. Жогорку кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун айтымында прокуратура керек болсо бийликтин үстүнөн көзөмөл кылуучу орган болушу керек:

- Менимче башкы прокуратурага жаңы жетекчилик келгенден бери иши бир топ жанданып калгандай түр көрсөтөт. Прокуратура мүмкүн болушунча бийлик системасына көз каранды болбостон, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун аткарылуусуна, керек болсо бийликтин үстүнөн туруп, аны көзөмолгө ала турган орган болушу керек. Тилекке каршы, андай деңгээлге көтөрүлө элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG