Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

АСКАР АКАЕВ КЕЛЕРКИ МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛООГО БАРБАЙБЫ?


Президент Аскар Акаев Германияга иш сапары менен барган мезгилинде «Немис толкуну» үналгысына маек куруп, келерки жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын билдирген. Саясатчылардын айтымында президент Акаев келерки шайлоого барбасы тууралуу буга чейин да бир нече жолу айткан эле.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин «Немис толкуну» эл аралык үналгысына берген маеги коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Өзгөчө анын келерки жылы болуучу президенттик шайлоого барбай тургандыгын билдирип, бийлик ордун жаштарга берем деп айткан сөзү саясатчылардын арасында кызуу талкууланып жатат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикири:

- Акаев дайыма эки жүздүү саясатты ойнойт, -дейт Төлөйкан Исмаилова,- Бир саясаты: демократиялык жолдо баратам деп, эл аралык уюмдардын башын оорутмай, башын катырмайды үйрөнүп алган. Экинчи жагынан «менин элим мени жакшы көрүп, калтырган атат» деп ошол эле эл аралык уюмдарды шайлоо мезгилине аз калганда алдап коюшу мүмкүн.

Ал эми белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин айтымында президент Акаев мындай сөздү буга чейин да далай жолу айтып, бирок убадасына турбай келе жатат:

- Акаев акыркы үч жылдын ичинде ушуну менен сегиз жолу «мен бешинчи жолу президенттикке талапкерлигимди койбойм, кетем» деп айтып атат. Бирок Кыргызстанда басымдуу көпчүлүк ага ишенбейт. Себеби кыргыз калкын, Кыргызстандыктарды Акаев 90-жылдан бери далай жолу алдаган. Алдамчылык менен бийликти жалгыз өзү ээлеп, 1995-жылдан бери мыйзамсыз президент болуп отурат.

Президент Аскар Акаев жакында 60 жаш мааракесин белгиледи. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын сөзү боюнча жаштарга орун берүү керек деп айткан Аскар Акаевдин мындан ары да эл үчүн иштеп берүүсүнө анын жаш өзгөчөлүгү толук мүмкүнчүлүк берет:

- Аскар Акаевич али жаш. Алтымышка эле чыкпадыбы. Ошондуктан ал шайлоого катышуусу керек, кандай, эмне жол, билбейм. Иши кылып калышы керек. Жашы алтымышта, так азыр иштей турган убагы, тажрыйбасы бар. Кыргызча айтканда азыр бышкан убагы да, - дейт Ысык көл облусунун губернатору.

Белгилей кетүүчү нерсе: Кыргызстандын президенти Аскар Акаев буга чейин келерки президенттик шайлоого барбай тургандыгын бир нече жолу айткандыгы тууралуу өзү да:

- Мен келерки жылы президенттик шайлоого барар-барбасым тууралуу суроого буга чейин эки ирет бирдей жооп бергем: Конституциянын жаңы редакциясы мага дагы жаңы мандат бербейт. 2005-жылы боло турган шайлоолор Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде, сөзсүз түрдө демократиянын принциптерине ылайык, мыйзам бузууларсыз өтөт деп кошумчалап кетем, - деп айткан Аскар Акаев.

Учурда президенттин аяктап бараткан мөөнөтүн узартуу үчүн Ош шаарында «Элим менен элим үчүн» фонду тарабынан элден кол чогултуу жүрүп жатат. Аны менен катар «Элдик патриоттук кыймылы» жана Оштогу жаштардын «Ойгон Кыргызстан жаштары» саясий кыймылы тарабынан президент Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү талабы менен атуулдардан кол чогултуу акциялары өтүүдө. Айта кетүүчү нерсе: Акаевге ишеним көрсөтпө жарыялап, элден кол чогултуп жаткан «Элдик патриоттук кыймылдын» жетекчиси Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгонуна бүгүн 4 күнгө айланды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG