Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

МИСИР АШЫРКУЛОВГО КОЛ САЛУУ ИШИ... СОТ УЛАНУУДА...


Биринчи май райондук соту тарабынан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, учурда “Адилет шайлоо үчүн” бирикмесинин төрагасы Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча сот отуруму жүрүп жатат. Бирок соттун жүрүшүнө айыпталуучу катышкан жок. Өткөн отурумда жабырлануучу тарап “айыпталуучунун психикалык жактан саламаттыгы начар” деген соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү менен тааныштырылган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, азыр “Адилет шайлоо үчүн” бирикмесинин төрагасы Мисир Ашыркуловго байланышкан сот отуруму 3-декабрь күнү кайрадан улантылды. Маалымат иретинде айта кетүүчү жагдай: 26-ноябрь күнү чакырылган отурумда жабырлануучуга жана анын жактоочуларына соттук-медициналык экспертизанын “айыпталуучунун психикалык жактан саламаттыгы начар” деген бүтүмү тааныштырылган. Бирок жабырлануучу тарап бүтүм менен таанышуу үчүн соттон бир жума мөөнөт сураган болчу. Мисир Ашыркуловдун айтымында ага, анын адвокаттарына сот отуруму болоруна бир күн калганда билдирилген:

- Мага сот болору тууралуу бир күн калганда гана билдиришти. Ал эми менин адвокаттарым укпай калышыптыр.

3-декабрь күнү жабырлануучу Мисир Ашыркулов журналисттерге соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө нааразы экендигин билдирди:

- Мен соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө канааттанганым жок. Соттук-медициналык кызматкерлер сотко келсе, аларга менин жана адвокаттарымдын бере турган суроолорбуз бар. Бул маселени алар менен да тактап алалы дегенбиз, - -деген Мисир мырза сотко айыпталуучунун, соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин да келүүсү зарыл экендигин айтты.

Ал айыпталуучунун психикалык жактан саламаттыгы начар дегенге кошулбастыгы тууралуу 26-ноябрда “Азаттыкка” берген маегинде айткан эле:

- Мен аны менен бир жарым жыл өзүнүн суроосу боюнча жолуккам. Ошондо мен да аны текшерип көрөйүн деп, атайын суроолорду даярдап барып, аны менен бир сааттан ашык сүйлөшүп отурганбыз. Өзү менден кечирим сурап: “Байке, ушундай болуп калды. Бирок менин артымда да чоң кишилер турат” деп айткан. Анан мен андан “Сени бул жактан майып же бирдеме кылып коюшпайбы” деп сурасам, кантип этияттанып жаткандыгын айтып берген. Аны бардык эле киши жасай албайт.

Ал эми сот отурумуна айыпталуучу алып келинген жок. Анткени ал учурда Чым-Коргондогу психо-неврологиялык диспансерде дарыгерлердин кароосунда жатат. Аны сот отурумуна СИЗО аркылуу алып келүүгө адвокаттары каршы чыгышууда. Мунун себебин айыпталуучунун жактоочусу Сергей Слесарев мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, ал СИЗОдо жана ооруканада жаткан мезгилинде анын денесине ички иштер кызматкери тарабынан жаракат келтирилген. Уруп-сабоонун жана СИЗОдогу жаман акыбалдын натыйжасында ал психикалык гана эмес, физикалык жактан да жаракат алган. Эгерде аны дагы СИЗОго алып келсек саламаттыгы дагы начарлашы мүмкүн. Ошондуктан аны сот отурумуна оорукана жетекчилиги алып келүүсү керек эле. Алардын мүмкүнчүлүгү болбой калгандыгына байланыштуу бүгүн айыпталуучу отурумга келген жок. Кийинки сот отурумуна катышып калуусу мүмкүн.

Айыпталуучунун адвокаттары сот төрагасынан айрым далил заттарды да келтирүүнү өтүнүштү. Отурумга төрагалык кылуучу сот Анарбек Мамбеталиев бул ишти айыптоочуга тапшыргандыгын билдирди. Бул ишке байланыштуу сот отуруму 9-декабрда уланат.

Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу иши 2002-жылдын 6-сентябрында болгон. Ошол кездеги КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго көздөй өзүнүн үйүнүн жанынан граната ыргытылып, андан Ашыркулов оор жаракат алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG