Украин оппозициясынын лидери Виктор Ющенко ишемби күнү куптан чукул Киевде өз тарапкерлери алдында сүйлөп, президент Кучмага жаңы талап койду:
- Президент Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бошотуп, жаңы комиссияны түзмөйүнчө жана өкмөттү ырасмий түрдө таркатып, 26-декабрда өтчү шайлоонун жобосун бекитмейинче, бардык сүйлөшүүлөр пайдасыз.
Оппозиция башчысынын талабына жооп кылып, бийликтен кетчү украин президенти Леонид Кучма оппозицияны Шайлоо мыйзамдарын реформалоо жана мамлекет башчынын бийлик укугун чектөө боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мурда берген убадасынан тайды деп күнөөлөдү. Парламент өткөн жумада Януковичтин кабинетине ишеним көрсөтпөө үчүн добуш берген. Ага карабастан, президент Кучма москвачыл премьер Виктор Януковичтин өкмөтүн таркатууга каршы турууда.
Ющенконун тарапкерлери Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр 26-декабарда өтчү президенттик шайлоого чейин, ал эми Конституцияны өзгөртүү маселесин кийин шайлоодон кийин гана талкуулаганга макул.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУ Украинанын Жогорку Сотунун президенттик шайлоону кайра өткөрүү чечимин жактады. ЕККУнун учурдагы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси жекшемби күнү жасаган кайрылуусунда Украин бийликтерин шайлоону ЕККУнун жоболоруна ылайык эркин жана калыс өткөрүүгө үндөдү. Пасси уюмга мүчө 55 өлкөдөн 26-декабрдагы шайлоого байкоочуларды мурдакыдан көп жөнөтүүнү да өтүндү.
Оппозиция менен бир мунасага жетүүнү көздөгөн Леонид Кучма россиялык жана европалык арачыларды оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн дүйшөмбү күнү Киевке келүүгө чакырды.
Талдоочулардын айтымында, оппозиция Кучманын кеңсеси менен болчу сүйлөшүүдө-Виктор Ющенко эскерткендей- Борборшайлоокомду жаңылоону жана Януковичтин өкмөтүн кызматтан кетирүүнү талап кылат.
Киевдик талдоочу Иван Лозовой шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар олуттуу өзгөртүүлөр болмоюнча, добуш берүү адилет өтүүсүнө көзү жетпейт:
-Шайлоого жооптуу структуралар толук өзгөртүлсө гана, кайра шайлоонун экинчи айлампасы азбы-көппү калыс, ачык жана адилет болот. Ал үчүн баарынан мурда БШКнын мүчөлөрү, регионалдык шайлоокомиссиясынын мүчөлөрү, добуш берүү учурундагы Жогорку Сот ырастаган көптөгөн мыйзам буузуулар боюнча алиге тергөөнү баштай элек ички иштер министри алмаштырылыш керек.
Иван Лозовой Киевдеги Мамлекеттүүлүктү жана демократияны изилдөөчү бейөкмөт борбордун аналитиги.
Талдоочулар 26-декабардагы саясый эрөөлдө Виктор Ющенко жеңип чыгат деген ишенимде. Президенттикке экинчи талапкер Янукович шайлоого катышпайм деп айта элек. Борборшайлооком Януковичти 21 – ноябрдагы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган. Бирок, Жогорку Сот шайлоо учурундагы олуттуу мыйзам бузууларга шилтеп, кайра шайлоо өткөрүүнү туура тапкан
Оппозиция Янукович шайлоого чукул шылтоо таап, мелдештен чыгып калышы мүмкүн деп боолгодо. Андай болгондо, Ющенконун жеңиши үчүн шайлоого катышкан адамдардын теңинин добушу плюс бир добуш жетиштүү.