Анкара шаарында бүгүн өлкөнүн коргоо министри Вежди Гөңүл менен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жолугуп, Грузиядагы абал жана эки өлкө ортосундагы аскерий кызматташтык маселелерин талкуулады. Кара деңиздеги эки өлкөнүн аскерий флоттору ортосундагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Кечээ күнү Анкарада президент Ахмед Неждет Сезер орус президенти Владимир Путин менен жолуккан.