Конституциянын 56 беренесинде, талапкерликке көрсөтүлөөр алдында кеминде беш жыл өлкөдө жашаган атуул Жогорку Кеңешке шайлана алат, деп жазылган. Борборшайлооком Конституциянын мына ушул беренесине таянып, мурдагы айрым элчилер келерки жылдагы парламентик шайлоого катыша албайт, деп билдирүүдө. Бирок Конституциянын бул беренесинин элчилерге тиешеси жок экендигин билдирген саясатчылар арбын болууда. Маселен, СССР убагында элчилик кызматты аркалаган, учурда “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков мындай пикирин билдирди:
- Элчилер жашап, кызмат кылып турган жер биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн астында турат. Кайсы жагынан алып карабагын алар биздин өлкөдөн чыгып кеткен эмес. Мына ошондуктан дипломаттарды,элчилерди сыртта өз иши менен беш жыл жүргөндөргө теңебей, укугунан айрылбаган ушул жерде жашаган адамдар катары караш керек. Тигил жакка дайындашат. Анан шайланууга келгенде укугунан ажырап калабы. Бул абсурд. Нонсенс.
Ал эми Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жумагул Сооданбеков Конституцияда кандай жазылса ошону аткаруубуз керек деген ойдо:
- Конституцияга жазылып калгандан кийин анын алкагында иштеш керек. Бир жол бар. Ал Конституцияны өзгөртүү. Парламент аны жасай
алат.
Элчилерди шайлоого катыштырбоо аракетине каршы Кыргызстан элдик кыймылы билдирүү менен чыккан. Анда бийлик Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов сыяктуу элчилерди депутаттыкка өткөрбөө үчүн Конституцияга эле эмес, 1961-жылы кабыл алынган Вена декларациясына каршы келген аракеттерге барып жатканын билдирген. Кыргыз бийлигинин логикага сыйбаган мындай аракетинен Шеримкулов, Сыдыков, Абылов эле эмес, Чыңгыз Айтматов, Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Апас Жумагулов, Жумагул Сооданбеков, Эсенгул Өмүралиев сыяктуу белгилүү мамлекеттик ишмерлер шайлоого катыша албайт, деп кошумчаланган кыймылдын билдирүүсүндө.
Борборшайлоокомдун элчилерди шайлоого катыштырбоо аракетине байланыштуу бир катар мурунку элчилер Конституциялык сотко, президентке кайрылышкан. Алардын натыйжасы тууралуу Үсөн Сыдыков буларды билдирди:
- Президент тарабынан жооп жок. Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамды кабыл албай койду. Тышкы иштер министрлигине кат жазган элек, ал тараптан да жооп келе элек. Конституциялык сотко кайрылганбыз, алар кеңешип жатышат, карар күнүн белгилей элек.
Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Карыбек Дүйшеев мурдагы элчилердин президентке кайрылуусуна жооп даярдалып жатканын маалымдады. Элчилердин президент жардыгы менен дайындалгандыгы, ал эми элчиликтердин Кыргызстан эгемендүүлүгүндө тургандыгына байланыштуу 56 берененин элчилерге тиешеси болбойт, деген дипломаттардын билдирүүлөрү туура эмес, дейт Карыбек Дүйшеев:
- Менин оюмча элчилердин жүйөөлөрү туура эмес. Анткени алар беш жыл Кыргызстанда жашаган жок.
Бийликтин мындай аракетин өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев айыптап, дипломаттарды шайлоого катыштырбоо аракетин саясий оюн катары баалады:
- Саясий оюн болуп атат. Максаты үч-төрт кишини депутаттыкка өткөрбөш болууда.