Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

УКРАИНАДА ЖАҢЫ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 12-декабрда Украинада жаңы президенттик өнөктүк башталууда.Эки аптадан кийин президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын экинчи добуш берүүсү өткөрүлөт. 10-декабрда болсо оппозициялык талапкер Виктор Ющенко эки күндүк медициналык текшерүүгө Венага келди, экинчи талапкер, эс алуудагы премьер-министр Виктор Янукович болсо өзүн көз карандысыз талапкер катары жарыялады

Көпчүлүк байкоочулардын пикиринде, 26-декабрдагы шайлоодо Виктор Ющенко жеңип чыгууга тийиш. Анын себептери көп. Президенттик шайлоонун 21-ноябрда өткөн экинчи айлампасынын жыйынтыктарын Жогорку сот жокко чыгарды, мындай чечим бүткүл украиналык бийликке, аны колдогон Орусияга сокку болду. Андан соң өлкө парламенти Борбордук шайлоо комиссиясын таркатып жиберди. Бул экинчи сокку болду. Донецк дубаныны кеңеши болсо 9-январга мурда өзү дайындаган автономия боюнча референдумду өткөрбөөнү чечти.

Орус президенти Владимир Путин дагы өз турумун бир кыйла жумшартып, 10-декабрда - шайлоодо ким жеңип чыкса дагы, Москва аны менен кызматташууга даяр, эгер Украина Европа Биримдигине мүчө болуп кошулса, андан Орусияга пайда гана тийет деп жарыялады. Мындай абалда отпускта жүргөн премьер-министр Виктор Януковичтин шайлоодо эч шансы калбаган сыяктуу көрүнөт.Ал өзү дагы Украина жетекчилигин 9-10- декабрда "чыккынчылар" деп атап, мындай бийлик менен ал мурда кызматташканына азыр уялып жатканын билдирди.

Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн дагы добуш берген.Бул чечимден кийин президент премьер-министрди кызматынан алыш керек болчу, бирок Янукович эс алууга чыкканын шылтоолоп, кызматында калды. Анткен менен премьердин милдетин азыр башка адам аткарууда.

"Файнэншл таймс" гезитинин 11-декабрда чыккан санында болсо Ющенконун макаласы жарыяланды. Ал президенттикке талапкер, кийинки өлкөнүн болочок жетекчиси катары Европа Биримдигине кайрылып, Украинаны Евросоюзга мүчө кылып кабыл алууну сунуштайт. Ющенконун айтымында, ал үчүн төрт тепкичтүү план иштеп чыкса болот - биринчиден, Украина экономикасы эркин деп таанылыш керек, экинчиден, өлкөнү Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алуу зарыл, үчүнчүдөн, Украинаны Европа Биримдигине биргелешкен мүчө кылып кабыл алып, андан соң Биримдикке ал толук мүчө болуп кошулууга тийиш.

Шайлоодо жеңип чыгаарына болсо Ющенко толук ишенет: "26-декабрда боло турган шайлоонун жыйынтыктары тууралуу сөз кылсак, бери дегенде мен үчүн 60 пайыз добуш берилет".

Шайлоо өнөктүгү башталаар алдында Ющенко 10-декабрда кечинде Венадагы Рудольфинерхауз аттуу ооруканага кайра келди.Ал жерде эки күндүк текшерүүдөн өтөт. Анын өзүнүн айтымында, жыйынтык кандай болсо дагы, ал аны ачык жарыялоого даяр.

Сентябрь айынын башында Ющенко кокусунан ооруп, дал ушул ооруканага келип дарыланган, анда иштеген теги украиналык дарыгер Николай Корпан - ал ууктурулган деп жарыялаган, бирок кийин оорукананын жетекчилиги андай чечим чыгарууга эртелик кылат деп билдирген. Шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратпаоо багытында Ющенко ал кезде толук текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан, бирок андан бери анын жүзү-башы таанылгыстай өзгөрүп кетти.

Ющенко өзү ууктурулганына ишенет: "Менин ден соолугума байланыштуу айтсак, оппозициянын лидери катары мага ал аракет саясий репрессия катары колдонулган жана менин ага ишенимим күн өткөн сайын артууда".

Ооруп жыгылаардын алдында Ющенко өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматынын башчысы менен чогуу тамак ичкен.

(Ишембидеги соңку маалыматка караганда, австриялык дарыгерлер Виктор Ющенко быйыл сентябрда уу заттан (dioxin) жапа чеккенин тастыкташты, бирок ал "атайылап ууктурулганбы же жокпу?" деген суроого жоопту украин бийликтери берүүгө тийиш деген маанайда билдирүү жасашты. Веналык дарыгер Michael Zimpfer мырзанын оюнча, кимдир-бирөөнүн уу затты Ющенко ичкен тамакка салууга катышы бар болушу да ыктымалдан алыс эмес).

XS
SM
MD
LG