Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

«Рентонгруп» ишкана жетекчилигине алданган атуулдар пикетке чыкты


БИШКЕК. «Рентонгруп» ишкана жетекчилигине алданган аманатчылардан үч жүзгө жакын атуул бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты. Алар Эл өкүлдөр жыйынын депутаттарынан өздөрүнүн акчасын кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү суранган. Ушул эле күнү аталган маселе Эл өкүлдөр жыйында каралды. Сөз сүйлөгөн депутаттар «Рентонгруп» ишкана жетекчилигинин атуулдарды алдап кетишине Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү жана Улуттук банк жетекчилиги күнөөлүү экендигин айтышты. Талкуунун соңунда «Рентонгруп» ишканага тиешелүү имарат, буюмдарды сатуу жана Улуттук банктын кирешесинин 30 пайызынын эсебинен аманатчылардын акчасын төлөп берүү тууралуу токтом долбоору жактырылып өкмөткө сунушталды. Кыргыз өмөтү мындай долбоорду иликтеп 16-декабрда өз пикирлерин айта турган болду.

XS
SM
MD
LG