Курамында 25 мамлекет бар Европа Биримдиги алдыңкы экономикасы, адам укугун сыйлоосу, бекем демократиялык системасы менен көп өлкөлөрдү өзүнө тартып келатканы маалым. Өткөн жылы Биримдик 10 жаңы мүчөнү кабыл алды. Алардын баары негизинен Чыгыш Европа мамлекеттери болду. Жаңы мүчөлөрдүн катарында мурдагы СССРдин курамындагы Балтика жээгиндеги Эстония, Литва жана Латвия мамлекеттери да бар.
Түркия болсо Биримдикке кирүүгө мурдатан аракет кылып, ал үчүн мыйзамдарына өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизип келет. Бирок анын жетишсиз экендиги азыркы күнгө чейин айтылууда. Маселен, Биримдикке кирген айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү бул өзгөрүүлөр жетишсиз деген пикирди билдирсе, Германия лидери Герхард Шредер Түркиянын Биримдикке кирүүсүнө Кипр маселеси негизги тоскоолдук болуп жатат деген оюн ачык айтууда.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, Биримдик Түркияны жакын арада катарына албайт:
Менин оюмча бул көп жылдык жумуш. Азыр Түркияны Биримдикке албайт. Демократия, адам укуктары боюнча тоскоолдуктар коюп жатышат.
Анын айтымында, Түркиянын Биримдикке кирүүсү Кыргызстанга моралдык, практикалык жактан пайда алып келет. Биринчиден мусулман мамлекетинин Европа Биримдигине кирүүсү өзү чоң мааниге ээ. Экинчиден, түрктөр бизге жакын эл деген Муратбек Иманалиев буга токтолду:
15 жылдан бери Түркия ар кандай эл аралык уюмдарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлү болуп жардам берип келатат. Европа Биримдигинде да ошол эле принципти колдонуп жардам берет деп ойлоймун.
Ал эми белгилүү ишкер Чыныбай Турсунбековдун пикиринде Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу Кыргызстанга оң таасирин тийгизет.Биринчиден, экономикалык байланыш күчөйт,экинчиден, Борбор Азиянын Европа жакындоосуна жеңилдик болот.Бул кошулуу дүйнөдө диний түшүнүүчүлүктү алып келүүгө шарт түзөт дейт Чыныбай Турсунбеков:
Чоң глобалдык масштабда алганда мусулман мамлекетинин христиан мамлекеттеринин шериктештигине кошулуусу кандайдыр бир деңгээлде диний жөөлөшүүлөргө себеп болгон негиздерди азайатат деп ойлоймун.
Түрк ишкерлери менен кызматташып жүргөн Каныбек Абдыкадыров деген дагы бир ишкер Биримдикке кирүүгө түрктөр мурдатан аракет кылып келген. Ал ишке ашса Кыргызстан үчүн да оң таасири болот, деген пикирин билдирди.