Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

АКАЕВДИ БИЙЛИКТЕ КАЛТЫРУУ ДЕМИЛГЕСИ: КӨШӨГӨ АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын буга чейин бир нече курдай коомчулукка билдирген. Ошого карабай «Элим менен, элим үчүн» аттуу коомдук кор Аскар Акаевди 2010-жылга чейин бийликте калтыруу демилгеси менен 30 миң атуулдун колун топтоп, 21-декабрда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго расмий түрдө тапшырды. Буга байланыштуу айрым саясатчылар Аскар Акаевди бийликте калтыруу мөөнөтүн узартуу демилгеси элден эмес, мамлекет башчынын өзүнөн чыгып жаткандыгын айтышып, коомчулукта президенттин буга чейинки «келээрки шайлоого катышпайм» деген сөзүнө ишенбөөчүлүк жаралууда.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 43-беренесинде бир адам президент болуп беш жылдык мөөнөткө шайланат жана бир адам катары менен эки мөөнөттөн ашуун президент болуп шайлана албайт деп жазылган.

1990-жылдан бери өлкөнү бийлеп келген азыркы президент Аскар Акаев буга чейин бир нече курдай президенттик шайлоого катышкандыктан, анын келээрки шайлоого катышуусуна өлкөнүн Баш мыйзамы жол бербейт. Бул жагдайды мамлекет башчы өзү да белгилеп, келээрки (2005-жылдагы) шайлоого катышпай тургандыгын эл аралык жана жергиликтүү коммчулук өкүлдөрүнө бир нече жолу ачык айткан.

Мамлекет башчынын жогорудагыдай сөзүнө удаалаш эле мындан бир нече ай илгери Аскар Акаевди референдум аркылуу 2010-жылга чейин бийликте калтыруу максатын көздөгөн «Элим менен, элим үчүн» деп аталган коомдук кор (фонд) Ош шаарында түзүлгөн.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 96-беренесине ылайык Аскар Акевди келечекте да бийликте калтыруу үчүн Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүү керек. Ал үчүн 300 миң атуулдун колун топтоо зарыл.

Ал эми «Элим менен элим үчүн» фонду Аскар Акаевди 2010-жылга чейин бийликте калтырууну каалаган 30 миң атуулдун колун топтоп, 21-декабрда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөн жыйында Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго расмий түрдө тапшырды.

Буга байланыштуу айрым саясатчылар мындай демилге мамлекет башчынын өзүнөн чыгып жатат ко деген жоромолун айтышып, Аскар Акаевдин буга чейинки коомчулукка берген убадасынан күмөн санашууда:

- Аскар Акаев өзү айтпаса, анын жан-жөкөрлөрү өз алдынча мындайга барбайт. Жөнөкөй эле ойлонуп көрсөңөр, кайсы аткаминер ажо каалабаган ишти өзүнүн эрки менен баштай алат? - дейт Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев.

Ушундай эле пикирге «Атажурт» саясий биримдигинин жетекчилеринин бири, оппозициячыл саясатчы, депутат Адахан Мадумаров буларды кошумчалайт:

- Мамлекеттик катчынын жеке инсандык касиетин да жакшы билебиз, аны бүтүндөй журтчулук билет. Ал киши жогору жактан ишаарат болмоюнча эч кандай аракеттерди жасабайт. Ошондуктан муну Акүйдүн келечекте да А.Акаевди бийликте калтыруу үчүн тымызын жүргүзүп жаткан саясаты катары кароо керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Тойгонбай Калматов болсо мындай аракет «мамлекет башчы Аскар Акаевдин эмес, анын тегерегиндегилердин жасаган иш-чарасы болсо керек» дейт:

- Себеби Аскар Акаев өзү берген интервьюларында жанагинтип "мен шайлоого катышпайм" деп коомчулукка бир нече жолу айткан. Ал өзүнүн сөзүнө турат. Ошондуктан мындай демилге анын жандап чабарларынын гана жасап жаткан иштери го деген пикирдемин.

Айтор, мамлекет башчы Аскар Акаевди колдоо боюнча түзүлгөн коомдук кордун президент Акаевди 2010-жылга чейин бийликте калтыруу демилгесине карата кайчы пикирлер айтылууда.

Президент Аскар Акаевди 2010-жылга чейин бийликте калтыруу демилгеси, айрым жергиликтүү саясатчылар айтышкандай, чындыгында эле жогорку бийлик өкүлдөрүнөн чыгуудабы, же карапайым элдин айрым өкүлдөрүнүн аракетиби? Бул суроо ачык бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG