Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Парламентте паспорт жаңжалы тутанууда


БИШКЕК. 24-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынында калкты паспорт менен камсыздоо маселеси талкууланды. Депутаттарга бул маселе боюнча маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик агенттиктин директору Юрий Лысогоров маалымат берди. Анын айтымында, жаңы паспорт атуулдарга жаңы жылдан тарта бериле баштайт. Бирок талкуунун жүрүшүндө Лысогоровдун эки мамлекеттин атуулу экендиги ачыкталды. Маалыматка караганда, ал Россия жана Кыргызстан атуулдугуна ээ.Депутаттар бул өлкөнүн Конституциясына каршы келээрин билдиришти. Жаңы паспорт берүү ишинде коррупция, мыйзам бузуучулук орун алууда деген депутаттар бул маселени өкмөт башчы, Башкы прокурор жана күч министрлеринин катышуусу менен дүйшөмбү күнү кароону улантууну чечишти.

XS
SM
MD
LG