Аларга ылайык, "Фатах" партиясы башкалардан көп добуш чогулта алган, бирок "Хамас" уюму да маарага фатахчыларга теңтайлаша келатат. Ал тапта Израил аскерлери бүгүн Тулкарм шаарындагы кагылышууда 3 палестинди атып өлтүрүштү. Жөөт аскерлери адегенде палестиндер ок ачканын айтышууда. Бейшембидеги шайлоодо палестиндер 28 башкаруу пунктунун жетекчилери үчүн добуш беришкен.