Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

«Балдар кодекси» талкуулана баштады


БИШКЕК. 3-декабрда Ысыккөлдө «Балдар жөнүндөгү кодекстин» долбоорун талкуулоо башталды. Бул тууралуу бүгүн коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, тегерек үстөл форматындагы талкуулар бир ай бою өлкөнүн бардык региондорунда өтөт. Ага бейөкмөт уюмдардын, өкмөттүк структуралардын тиешелүү адистери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Кыргызстандын Балдар кодексин ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу астында биргелешкен жумушчу топ иштеп чыкты. Жумушчу топтун башында вице-премьер министр Токтобүбү Айтикеева турат.

XS
SM
MD
LG