Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

САЯСИЙ КҮЧТӨРДҮН БИРИГИШИ БИЙЛИКТИН АЛМАШУУСУН ШАРТТАЙ АЛАБЫ?


Келе жаткан шайлоолор алдында Кыргызстанда бир катар оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр, партиялар кызматташуу максатында бириге башташты. Коомчулукта саясий күчтөрдүн минтип биригүүсү бийлик алмашуусуна же башка саясий өзгөрүүлөргө алып келүүсү мүмкүн деген пикирлер жаралууда.

Жыл аягында Бишкекте оппозициялык маанайдагы беш саясий бирикменин жетекчилери келерки парламенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында кызматташуу келишимине кол коюшкан. Ошол эле убакта жаштардын өкмөттүк эмес уюмдары да бир бирикменин алдына биригүү максаттары бар экендигин билдиришкен. «Жаңы Кыргызстан» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Алмаз Кожомкулов азырынча биригүүнү көздөгөн үч уюм чогуу иш алып барып жатышкандыгын да маалымдаган. Шайлоолор жакындаган сайын оппозициялык маанайдагы саясий күчтөрдүн биригүүсүн Кыргызстанда бийлик алмашуусуна же кандайдыр бир саясий өзгөрүүлөргө алып келүүчү күч катары кабыл алган көз караштар пайда боло баштады. Жаштардын «Ойгон Кыргызстан» саясий кыймылынын мүчөсү Керим Макеевдин айтымында, эл он төрт жылдан бери башкарып келе жаткан бийликтен тажады, ошондуктан оппозициялык маанайдагы саясий күчтөрдүн биригип, адилет шайлоо өткөрүүнү камсыздоосу жана бийликти алмаштыруусу учурдун орчундуу талабы болуп саналат:

Азыр элдин каалоосу да, үмүтү да бийликтин алмашуусуyнда болуп жатат. Он төрт жылдан бери бийлеп жаткан бийликтин сыйы бүттү, алар кетип, ордуна башка элдин жашоосуна кайдыгер болбогон инсандардын келүүсүн убакыт өзү талап кылып жатат

Керим мырзанын айтуусунда Кыргызстанда оппозициялык күчтөр дайыма шайлоо болордо биригип, ал эми президенттик шайлоо мезгилинде ар кимиси өзүнүн талапкерлигин коюп бөлүнүп кетишпей аягына чейин бирдиктүү турушса гана, ийгиликтерге жетишет:

Биригүү ушул боюнча сакталып, президенттик шайлоодо да бир талапкер менен чыгышса, анда булардын баштаган ишинин жыйынтыгы жакшы болот. Эгер андай болбой, презмденттик шайлоонун алдында бөлүнүп-жарылып кетишсе, анда оң майнап чыкпайт

-дейт Керим Макеев.
Ушундай эле көз караштагы пикирди Кыргызстан демократиялык кыймылынын жетекчиси Жыпар Жекшеев да билдирди. Анын айтуусунда, саясий күчтөрдүн биригүүсү бийликтин мыйзамдуу түрдө алмашуусуна алып келет:

Оппозицицялык маанайдагы саясий кыймылдар, ар кандай уюмдардын биригип, чоң-чоң блокторго айланып, өз ара кызматташуу келишимдерине кол коюп жаткандыгы саясий турмушта кандайдыр бир чоң өзгөрүү, чоң жаңылыктарга алып келе тургандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул эң биринчиден бийликтин мыйзамдуу түрдө алмашуусун шартточу жагдай

-дейт Жыпар Жекшеев. Ал эми өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева учурда биригип жатышкан саясий күчтөрдүн бийлик алмаштырып же башка кандайдыр бир саясий кырдаалды өзгөртүп жиберүүсүнө ишенбей тургандыгын билдирди:

Булар жаңы эле биринчи кадамдарын таштаган, али эч кандай чоң иш жасай элек уюмдар. Ошондуктан булардын артында эл турат, же бир чоң коомдук күч турат деп айтууга болбойт. Ошондуктан алардын биригүүсү Кыргызстандын саясий турмушуна аябай таасир тийгизет деген болбогон сөз

-деген Токтайым Үмөталиева Кыргызстан демократиялык өлкө, ал эми мындай саясий көрүнүштөр демократиянын принциптери катары эле кабылдана тургандыгын кошумчалады. Бирок мамлекет башчысы Аскар Акаев жыл аягында улуттук сыналгы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө мындай саясий бирикмелер Кыргызстанда да Грузиядагыдай жана Украинадагыдай кырдаал түзбөсү үчүн, аларга ар тараптуу сокку уруу керек деп айткан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG