Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон өлкө жарандарына Газа тилкесинен жөөт конуштары сөзсүз чыгарылат жана ал үчүн өкмөт керек болсо эң катуу чараларды көрөт деп эскертти. Газа тилкесиндеги жөөттөр өз айылдарыбыды таштабайбыз жана керек болсо мыйзамды бузсак да көп күндүк акцияларга чыгабыз деп каршы болушууда. Премьер-министр Шарон болсо өз планын быйыл июлдан тартып турмушка ашырганы жатат жана анын пикиринде бийлик керек учурда катуу аракеттерге да барышы ыктымал.