Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

ТУЮК СУУДАГЫ УУЛУ ЗАТ КАЛДЫКТАРЫ КӨМҮЛГӨН ЖЕРДИН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистеринин айтымында, Нарын обласынын Жумгал районундагы Туюк суу өрөөнүндө уулуу зат калдыктары көмүлгөн жайда учурда коркунучтуу абал түзүлүүдө. Буга байланыштуу өкмөт башчы Николай Танаев 6-январда аталган өрөөндө болуп, кырдаал менен жеринде таанышып келди.

Туюк суу өрөөнү Жумгал районунун Миңкуш айлынан эки чакырымдай алыстагы тоо ичиндеги жайгашкан. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин башкы адиси Александр Мелешконун маалыматына караганда, учурда Туюк суу өрөөнүндө баш аягы 600 миң куб метрге жакын уулу зат көмүлгөн көмүлгөн жер бар. Мына ошол өрөөндүн төмөн жагынан жалпы көлөмү 700 миң куб метр келген жер катмарынын көчүп кетүү коркунучу бар. «Аны мындан бир нече ай илгери Илимдер академиясынын адистери аныкташкан» дейт Александр Мелешко:

-Бул жер катмары акырындап бир күндө бир сантиметр ылдыйлап жылууда. Бирок ал көчө элек. Эгерде ал көчүп кете турган болсо, Туюк сууну тосуп калат да ал жерде көл пайда болот. Ал өз мезгилинде өрөөндөгү уулу зат көмүлгөн жерди каптап кетиши ыктымал.
Ошондой эле Александр Мелешконун айтымында, бул жердеги жер катмарын көчүрбөй коюга да мүмкүн эмес:
-Бул жер көчкүнү жасалма жол менен көчүрүүгө же алдын алуу мүмкүн эмес. Анткени ал жердин табигаты татаал болгондуктан мындай аракеттерге жол берилбейт. -дейт Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин башкы кызматкери Александр Мелешко.

Ал эми Жумгал районунун өнөр жай курулуш бөлүмүнүн башчысы Айбек Үркүнчүев учурдагы Туюк суудагы абал тууралуу буларды маалымдады:

Жайында бул жакта жаан көп жаабадыбы ошодон улам башталды. Кышта ал жер катмары тоңуп калды.Жазда күн жылыса мүмкүн жылып кетет. Эгерде жер көчкү жүрө турган болсо Туюк сууну тосуп калат. Ал көл жарыла турган болсо, Миңкушту аралап өтүп, Көкөмерен суусуна кошулат. Көкөмерен агып Токтогулга барат.-дейт Жумгал районунун өнөр жай курулуш бөлүмүнүн башчысы Айбек Үркүнчүев.
Учурда аткаруу бийлиги тарабынан кандай иш чаралар жүргүзүлүүдө деген суроого Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин өкүлү мындайча жооп берди:

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги учурда ал өрөөндө жол салууда. Тагыраак айтканда, кокусунан жер көчкү жүрүп кете турган болсо, ал жерде пайда болгон көлдү тезирээк агызып жиберүүгө ар тараптуу даярдыктар көрүлүүдө.
ушундай пикирин билдирди Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин кызматкери Александр Мелешко.

Айта кетүүчү нерсе, Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Майлуусуу шарынынын аймагында да уулу зат калдыктар көмүлгөн 23 жер бар. Дүйнөлүк банк тарабынан бул аймактагы уулу зат калдыктарын зыянсыздандырууга жакында 12 миллион доллар каражат бөлүнгөн. «Мындай каражатка учурда аймактагы уулу зат калдыктары көмүлгөн жайлардын чекелерин бекитип, коопсуздук чаралары көрүлүүдө» деп маалымдашты Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен.

XS
SM
MD
LG