Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:38

ООГАН-ПАКИСТАН ЧЕГАРАСЫН ТЕРРОРЧУЛАР ТООРУП ТУРАТ


Кубат Оторбаев, Прага Пакистандын түндүк-чыгыш провинциясынын губернатору Ифтихкар Хусейн Гүлани өлкөнүн Ооганстан менен чектешкен аймактарына эларалык террорчу топтор жыйналып, күч топтоп жатат деп эскертти. Мындан үч жыл мурда бийликтен кулатылган талиптердин калдыктары Пакистан менен чектеш аймактарда качып-бозуп, баш калкалап жүрүшөт. Алар “Аль-Каида” менен тыгыз байланышып, кези келген жерден бул эки мамлекеттин өкмөттүк аскерлерине кол салып турушат.

Пуштундар арасында “Ал-Каидага” жан тарткандар аз эмес. Мисалы, Түштүк Вазирстандагы пуштундардын уру башчысы Абдулла Махсуд көптөн бери өкмөттүк аскерлерге катуу каршылык көрсөтүп келатат.

Түштүк Вазирстанда болсо акыркы он айда талиптердин калдыктары жана “Ал-Каиданын” мүчөлөрү менен айыгышкан согуштар болуп турду. Губернатор Ифтихкар Гүланинин айтымында эми алар жандарын калкалап, өлкөнүн түндүгүн көздөй сүрүлө башташты:

– Акыркы үч-төрт айда, өзгөчө, сентябрь-октябрь айларында Махсуд үcтөмдүк кылган чөлкөмдөргө катуу сокку урулду. Эларалык террорчулардын орун-очок алып калган уюктары бузулуп, катуу кысымга алынышты. Көбү Ооганстанга кайра өтө качышты. Айрымдары болсо андан ары Пакистандын Белужистан аймагына кирип кетишти. Калдыктары болсо кайра күч топтоп, ошол эле Түштүк Вазирстанга кайтып барууну көздөп жатышат.

Анын айтымында Махсуд жакын арада колго түшүп берүүгө тийиш, болбосо аны Пакистан армиясынын айай турган түрү жок. Ырасмий Исламабад Махсудга 15-январга чейин кол көтөрүп, багынып бер, болбосо катыгыңды беребиз деген шарт койгон.

– Абдулла Махсуд террорчулар тобун башкарат. Ал чет өлкөдөн жардам алып, кол алдындагыларды машыктырып турат, - дейт Ифтихкар Гүлани.

Анын айтымында өлкөнүн коопсуздук күчтөрү эларалык террорчуларга каршы бар күчү менен салгылашып жатат. Ошентсе да Ооганстан менен Пакистандын 2400 чакырымга созулган чегарасын кайтарыш кыйын эле иш болуп жатат.

Террорчулар өз катарын жумушу жок, оор турмуштан кыйналган жергиликтүү тургундар менен толуктап жатышат. Мисалы, аскердик даярдыктан өткөн ар бир адамга “ал-каидачылар” 250 доллардан беришет деген маалымат бар. Ошондуктан азыр Пакистандын өкмөтү уру аксакалдары менен тыгыз ишти башташты, уру аксакалдарынын болсо жаштарга таасири чоң.

Мындан тышкары элди курал-жарагын өткөрүп берүүгө да ынандырып жатышат. Пакистандыктардын көпчүлүгү автомат, тапанчаларды коңшу Ооганстандан сатып алышкан.

Жекшембиде эки мамлекеттин өкмөттүк аскерлери чегарада жаңылыштан кагылыша кете жаздашты. Ырасмий Исламабаддын айтымында Ооганстандын Хост провинциясы менен Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагы чектешкен чегарада Ооганстан тараптан минометтон ок атылып, андан пакистандык бир жоокер каза тапты.

Хосттун губернатору Мейражадин Патхандын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда алар Пакистандын куралдуу күчтөрү чегарага жакындап калганда ок чыгарышкан:

– Пакистандын куралдуу күчтөрү биздин Могхулжи чегара бекетибизге жакындап кирип келишти. Биздин жана коалициянын аскер күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Тилекке жараша алар кайра артка кайтып кетишти.

Коалициянын курамындагы Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы армиясынын башчысы Марк Маккенан азыр бул окуянын чоо-жайы иликтенип жатат деп билдирди. “Мындан ары ушул сыяктуу түшүнбөстүктөр кайталанбаш үчүн анын жолдору иштелип жатат” деп кошумчалады ал.

XS
SM
MD
LG