Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

9-ЯНВАРДА ПАЛЕСТИНДЕР ӨЗ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛАЙТ


Кубат Оторбаев, Прага 9-январь - жекшемби күнү Палестинада президенттик шайлоо өтөт. Автономиянын өткөн жылдын ноябрында каза болгон башчысы Ясир Арафаттын орду үчүн жети талапкер ат салышууда. Алардын ичинен, талдоочулардын айтымында, мурдагы премьер-министр Махмуд Аббастын шансы көп. Эгер ал шайланса жөөт-палестиндер ортосундагы кырды бычак мамиле бир аз жумшарышы ыктымал деген божомолдор бар.

Үй-бүлөсү Сафед шаарындагы өздөрүнүн ата-конушун таштап, Дамаскыга көчүүгө мажбур болгон 1948-жылы Махмуд Аббас 13 жашта болчу. Ал жылы жөөттөр өз мамлекетин түптөп, жер шарынын картасында Израиль пайда болгон. Ал эми Аббастын балалыгы өткөн Сафед шаары Израилдин карамагында калды. Башка 700 миң палестин качкындар менен бирге ата-журтунан сүрүлгөн Махмудга дагы бул окуя катуу таасир калтырып, андан аркы өмүрүн аныктагандай болду.

Ал кийин чоң саясатта жөөт-палестин чатагын жөнгө салууга көп салымын кошту. Прагматист саясатчы катары 1993-жылы Ослодо Палестина менен Израилдин ортосунда тынчтыкты орнотуу боюнча келишимдин түзүлүшүнө ал жакшы эмгек кылган.

Өткөн айда болсо ал Израилге касын тигип калган палестиндерди сабырдуулукка чакырды. Ал мындай пикирди мурдатан эле карманып келаткан эле. Мисалы, 2003-жылы 4-июнда Иорданияда “жол картасы” талкууга алынганда эрегишүү эч нерсеге жеткирбей турганын билдирген болчу:

– Биз кан төгүүнү токтотуш үчүн баардык күч-аракет, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. Куралды таштап, кеп-сөзгө келе турган кез келди. Ымала менен тил табышсак басып алуучулук да токтойт. Андан соң палестиндер менен жөөттөр да азыркыдай кыйналбай, Палестин мамлекетин курууга жол ачылат, - деген эле Махмуд Аббас.

Ал жолку сүйлөшүүгө Аббас Палестинанын премьер-министри катары катышкан. Израиль тараптын кызыкчылыгын болсо премьер-министр Ариэль Шарон коргогон. Ошол сүйлөшүүдөн кийин Кошмо Шаттары, Евробиримдик, Улуттар Уюму жана Орусия иштеп чыккан “жол картасы” эми турмушка аша баштайт го деген үмүт пайда болгон эле.

Бирок үч ай өтпөй Махмуд Аббас отставкага кетти. Кызматтын таштап жатып ал маркум Ясир Арафатты “козголоңчуларды кой деп, тыйганга жарабай жатат” деп сынга алган эле. Ал, ошондой эле, Кошмо Штаттарын дагы “Израилдин чектен чыккан аракеттерине көз жуумп коюп жатат, мунусу менен Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы абалды оңдоого өз салымыш кошпой жатат” деп каарып өткөн.

Ясир Арафат көз жумгандан кийин Махмуд Аббастын келкели кайра келди. Арафаттын ордуна ал Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун төрагалыгына шайланды. Эми болсо Арафат түптөгөн Фатх кыймылынан президенттикке атсалышып жатат. Кыскасы ал палестиндердин мурдагы лидеринин ордун толук басууга укук алгандай болуп калды. Мурда колуна эч убакта курал кармабаган, айрым учурда ортозаар саясатчы кейптенген Аббас азыр элдин добушун алыш үчүн эң радикал козголоңчулардын да тилин табууга аракет кылууда.

Өткөн аптада ал Газа тилкесинде ошол радикалдардын көңүлүнө жаккан сөз айтам деп Кошмо Штаттары менен Израилден сын укту. Жөөт аскерлеринин колунан бир нече палестин окко учканда кызуу кандуулук менен:

– Биз бүгүн Бейт-Лахуяда сионосттердин колунан ажал тапкан кандаштарыбыздын арбагына таазим кылабыз, - деди.

Ошого карабай Израиль Аббасты эмнени айтып, эмнени койорун өзү жакшы билген саясатчы катары тааныйт. Жөөттөрдү “синоист душмандар” деп атаган жанагы сөзүнө карабай, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон 9-январдагы шайлоодон кийин Аббас менен жаңы деңгээлде жолугаарына үмүт байлап турат.

Шайлоо алдындагы кампания учурунда Махмуд Аббас Палестина мамлекетин 1967-жылдагы чегарасынын негизинде, борбор шаарын Иерусалим кылып курууга бар күчүмдү жумшайм деп сөз берди. Анын дагы бир убадасы – кочып-бозуп жүргөн палестиндерди – а алардын саны болсо бала-чакасы менен ушул тапта 4 миллион адамга жетти – ата-конушуна кайра кайтаруу. Бирок бул – аткарылбас, кыялдагы гана иш. Анткени Израиль Аббастын качкындарды кайтаруу боюнча мындай сунушуна ныпым көнбөйт.

Аббастын алдында азыр эң чоң милдет - радикал палестиндерди куралын таштоого көндүрүү турат. Ошол эле маалда ал Израиль палестиндердин жерин басып алууну токтотууга тийиш жана Иордан дарыясынын жээгин, Газа тилкесин бошотушу керек деп эсептейт.

Махмуд Аббастын негизги атаандашы - Мустафа Баргути. Ал Советтер Союзунда билим алган дарыгер. Израилдин коопсуздук күчтөрү шайлоо алдындагы кампания учурунда аны бир нече жолу кармашты. Так айтканда, акыркы жолу - жума күнү мусулмандар үчүн да, жөөттөр үчүн да ыйык деп саналган Аль-Акса мечитине (Батыш Иерусалим) бараткан жолдо кармалып, кийин кое берилди. Израилдин күчтөрү бул окуяны Баргутинин Батыш Иерусалимге кирүүгө уруксаты болгон эмес, ошол себептен кармалды деп түшүндүрүштү. Президенттик ашйлоодо аны негизинен радикалдар, анын ичинде ХАМАС тобу колдошу ыктымал.

XS
SM
MD
LG