Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Ирактагы шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.


Ирактын Салахудин провинциясынын губернаторунун орун басары Хатан Хамада жана дагы эки жетекчи адам барымтага алынды. Алар шийи мусулмандар жетекчиси аятолла Али ал-Систани менен жолугушууга бараткан. Аны менен катар, Ирактагы америкалык жетекчилик бүгүн тараткан маалыматка караганада, өлкөдөгү согушкерлердин жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркавинин жардамчыларынын бири кармалды, анын аты Абу Ахмед жана ал Мосул шаарындагы козголоңдо чечүүчү мааниге ээ болгон. Өткөн аптада Заркавинин дагы бир жардамчысы, Абу Марван кармалгандыгы тууралуу жарыяланган. "Ал-Каида" уюму менен байланышы бар делген Заркавинин башы үчүн америкалык жетекчилик 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG