Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК, ЭСКИ ТОСКООЛДУК


Улан Эшматов, Прага. Палестин автономиясында жаңы президенттин шайланышы Израил менен тынчтык жараянына жаңы дем берет деген ишеним жаратууда. Мунун аралыгында Израилде жаңы коалициялык өкмөттүн курамы парламентте бекитилди. Жаңы өкмөттө Газа секторундагы оккупацияланган аймактардан аскерлерди чыгаруу жана жөөт конуштарын жоюу ниети бар. Бирок келечектен үмүттөндүргөн мындай жагдайларга карабай, эки тарап тең тынчтык жараянга тоскоол болчу эски көрүнүштөрдөн, анын ичинде жаңжаал улана беришин көздөгөн экстремисттерден куру эмес.

Маркум Ясир Арафаттын ордуна Палестин автономиясынын башчылыгына келген Махмуд Аббастын же жергиликтүү элге көбүрөөк белгилүү аты Абу Мазендин алдында турган эң чоң милдеттердин бири "Хамас" жана башка согушчан топторду ийге келтирүү. Алар өзүлөрүнүн кол салууларын өкмөт Изралдин палестин аймактарынан чыгып кетүүсү боюнча ийгиликке тез жетишсе гана азайтарын билдирүүдө.

Израилдин оңчул да, солчул да күчтөр кирген жаңы өкмөтүнүн маселеси да жеңил эмес. Алардын Газа секторунан чыгып кетүү планына ашынган улутчул күчтөрдөн, ал жерден көчүрүлүүчү конуштарда жашаган тургундардан каршылык күчтүү. Лайли Галили Израилдин "Хаарец" гезитинин кабарчысы:

-Эки тараптан тең радикалдар бул баскычта баарын талкалай алат. Себеби израилдиктердин көбү Газадан чыгып кетүү планын колдойт, бирок буга Израилдин ичинде, өзгөчө конуш тургундары арасында каршылык күчтүү. Бул конуш тургундары менен гана чектелбейт, жашылдар арасында да колдоо бар. Алар бизди граждандык согуш менен коркутуп жатышат.

Алсак ошол конуштардын тургундары армиядагы консервативдүү күчтөр, аларды жашаган жерлеринен күч менен көчүргөндүн ордуна, козголоң чыгарарын эскерткен эле. Буга жооп кылып, өкмөт жакында конуштарды көчүрүү жөнүндөгү буйрукка баш ийбесин көргөзгөн алты офицерди армиядан кетирди. Журналист Галилинин айтымында, мындай жагдайлар Газадан чыгып кетүү планы чындап баштала электе эле орун алып жатат:

-Бул жерде чакан көзөмөл бекет, дөңсөдөгү эки үйдөн турган мыйзамсыз көзөмөл бекети эвакуацияланды. Бирок мааниси жок ушундай эле нерсеге каршылык чындап катуу болду.

Анткен менен Израилдин жаңы өкмөтү Палестина менен тынчтыкка жетишүүнү өзүнүн биринчи максаты деп атоодо. Оппозициядагы Эмгек партиясынын лидери, өкмөттүн вице- премьеринин кызматына келген Шимон Перес мындай дейт:

-Бул кыйынчылыктары көп өкмөт, бирок эч нерсесине жетпегенден көрсө кыйынчылыкка да, тынчтыкка да ээ болгон дурус.

Палестин автономиясынын башчылыгына келген Махмуд Аббас да Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн көздөөрүн билдирүүдө. Ал эки тарап "Жол картасы" деп аталган эл аралык планга кайтып келиши керек деп эсептейт. Аббас Рамалла шаарында эл аралык байкоочулар менен жолуккан кезде буларга токтолду:

-Биз шайлоо аягы эмес, башталашы гана экенин билебиз. Тынчтыкка, адилеттүү, эл аралык укукка негизделген тынчтыкка жетүү үчүн биз жасай турган нерселер көп.

Палестин автономиясында шайлоодон кийин түзүлгөн жаңы жагдайдан улам, АКШ эми тынчтык жараянына олуттуу көңүл бурууну көздөп жаткандай. Президент Жорж Буш маркум Ясир Арафатты террорго байланышы бар деп эсептегендиктен аны менен жолукпай келген эле. Буш эми Арафаттын мурскорун Ак үйгө чакырды:

-Мен Абу Мазен мырзаны куттуктайм. Ал үчүн ылайыктуу убакытта сүйлөшүүнү, эгер ал бул жакка келүүнү кааласа, Вашингтондо жолугууну чыдамсыздык менен күтөм.

АКШ президенти ошондой эле Палестинадагы шайлоонун жыйынтыгын комментарийлеген сөзүндө Израил Палестин мамлекетинин өнүгүшүн колдош керектигин ачык билдирди.

XS
SM
MD
LG