Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ МААЛЫМАТ СОГУШУ


Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында маалымат согушу күч алды. Бийлик өкүлдөрү оппозицияны өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузуп, Украина менен Грузиядагыдай кырдаал түзүүгө далалат кылып жатат деп кинелөөдө. Ал эми оппозиция болсо бийлик шайлоону бурмалап, өзүнө жагымдуу талапкерлердин тандалуусуна жан далбастап жатат деген пикирде. Мына ушундай карама – каршы билдирүүлөр карапайым калктын шайлоодогу тандоосуна кандай таасир берип жатат?

Кыргызстандагы оппозициячыл беш кыймыл парламенттик шайлоо маалында кызматташууга багыт алаары менен бийлик өкүлдөрү оппозиция шайлоону адилет өткөрүү үчүн эмес, өлкөдө башаламан кырдаал түзүп, бийликке жетүүгө умтулуп жатат деп жарыя кылышты. Мындай пикирин президент Аскар Акаев акыркы ирет 11-январда 2005-жылды социалдык туруктуулук жылы деп атоого арналган жыйында:

-Эмитен эле чатырларды тигип, революциянын сары менен күрөң түс аралашкан тумоосун жугузганга аракет көрө башташты. Биздин мыйзамдарды жана алдыга ишенимдүү бараткан багытыбызды тепселегенге жол бербешибиз керек. Баарынан да кечээ эле туруктуулук менен мыйзамдардын үстөмдүгүн бекем сактоону талап кылган айрым адамдардын бүгүн чуу чыгарып, пикетчилерди топтоп, мамлекеттик органдар менен Борбордук Шайлоо комиссиясына басым жасоого далбастап жаткандары күлкү келтирет.-деп билдирип, оппозицияга каршы жалпы күрөшкө чакырды.

Оппозиция өкүлдөрү болсо бийлик өзү мыйзамды бузуп, жер-жерлерде алдын-ала үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоонун адилет өтөөрүнө күмөн санатууда деп айтып чыгышты. Алардын бири Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров:

-Бийликтин кызматкерлери жер-жерлерде уруу-урууга бөлүп, айылма-айыл кыдырып үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Мунун баары бийликтин бүгүнтөн даярдык көрүп, эртеңки шайлоону мыйзамсыз өткөрүүгө көргөн камылгасы. ,- дейт.

Мына ушундай карама-каршы пикирди чагылдырган материалдар азыр массалык маалымат каражаттарынын бетин бербей кетти. Алар карапайым шайлоочуга кандай таасир берүүдө? Суроого жооп берген атуулдардын көпчүлүгүнүн пикирине караганда, бири - бирин айыптаган бийлик менен оппозициянын тирешүүсү эки тараптын тең аракетине тескери таасир берет. Андай ой ээлеринин бири укук коргоочу Улукбек Бабакулов:

- Бул адамдарды адаштырып жатат, алар кимисине ишеништи билбей калды. Өкмөт ушундай иш менен өзүнө ишеничти жоготуп жатат. Андан тышкары бийлик ачкан маалымат согушу оппозициянын пайдасына ойноп кетиши толук мүмкүн. Анткени, эл оппозициянын айтканы туура, бийлик ошон үчүн аны жамандап жатат деп ойлошот. Ал эми оппозициянын аракети коомдо ишеним пайда кылган жери жок. Эгерде оппозиция өз дооматын так далилдер менен айтса, элди тартат болчу. Оппозициянын ката иштери элдин ишенимин жоготуп жатат. Өкмөт оппозициянын мына ушундай катачылыгын колдонуп, аны кайра өзүн айыптоого алып жатат.

Ал эми Ош шаарындагы ОшТВ телекомпаниясынын директору Халил Худайбердиев андай маалыматтарга эл көнүп калгандыгын жана шайлоочу кимдики жөндүү же калп экенин таразалаганга жарамдуу экендигин билдирди:

- Мындай маалыматтар бизге анча таасир бербейт. Анткени, буга чейин андай маалыматтар көп болгон. Биз ал маалымат чуусунун ичинен маанилүүсүн таразалап, өзүбүзгө жаккан талапкерди шайлай беребиз.

Ал эми Жалалабад облусунун тургуну Нуржамал эл кайсы тараптын сөзүнө ишенээрин билбей калды деген ойдо:

- Азыр тигиники же мунуку туура деп айтыш кыйын болуп калды. Эмне дегенде ар ким өзүнүн саясатын элге жайып жатат. Менимче, бул туура эмес…

Жалалабад шаарынын дагы бир тургуну Гүлжамал Дооронова болсо бийликтин айыптоосуна макул эмес:

- Массалык маалымат каражаттарын, КТРдин көрсөтүүлөрүн карап көрсөк бийлик бүт эле өзүнүн саясатын бир беткей жайылтып жатат. Мен ага макул эмесмин. Анткени, бийликтин өкүлдөрү өздөрү баш болуп, элдин атынан чыгып сүйлөп, мыйзамдарды бузуп жатышат.

Ал эми Нарын шаарынын Иманкул аттуу тургуну эки тараптын тең сөзүнө ишенбей тургандыгын:

-Болгон окуяларды болгондой айтышса жакшы болот эле… Кимиси туура, кимиси калп айтып жаткандыгы даана билинбей жатат. Бийлиги да, оппозициясы да биригип, элди ойлосо жакшы болмок. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып жатса, албетте, орто жерде карапайым эл кыйналып жатат. ,- деп билдирди.

XS
SM
MD
LG