Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫ КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮП, ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИН БЕКИТТИ


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Бүгүн (15-январда) Бишкекте оппозициялык “Арнамыс” партиясынын төртүнчү курултайы болду. Жетимиш делегат катышкан жыйында Жогорку Кеңештин депутаттыгына партия атынан сегиз талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинде партиянын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлдү.

Курултайды “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов ачты. Андан кийин партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиевге сөз берилди. Ал өлкөдөгү кырдаалга баа берүү менен бул абалдан чыгуунун жолдору жөнүндө маалымат берди.

Алиев мырза өз сөзүндө азыркы бийликтин кандай болбосун өз өмүрүн сактоо аракетин жасап жатканын, бирок “Арнамыс” партиясы башка оппозициялык күчтөр менен бирдикте мыйзам жолу менен бийликти алмаштырууга аракет жасаарын билдирди.

Эмил Алиев ошондой эле партиянын абактагы лидери Феликс Куловдун төртүнчү курултайга куттуктоо-каалоосун окуп берди.

Андан кийин курултайды чакырууга башкы себепкер болгон партия атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү башталды. Анын жыйынтыгында жашыруун добуш берүү менен партия атынан сегиз талапкер көрсөтүлдү. Ага ылайык, №1 Университет шайлоо округунан Эмил Алиев, №27 Базаркоргон шайлоо округунан Турсунмахамат Абдураимов, №66 Аксуу шайлоо округунан Эркин Бөлөкбаев (Булекбаев), №56 Карабуура шайлоо округунан Кубанычбек Турманбетов, №44 Алай шайлоо округунан Бөдөш Мамырова, №57 Кемин шайлоо округунан Жыпар Жекшеев, №10 Жибекжолу шайлоо округунан Калдан Султанбаева жана №7 Тоголок Молдо округунан Нина Дырдинанын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Бул талапкерлерди көрсөтүү партия лидери Феликс Кулов менен макулдашылганын Эмил Алиев билдирди:

- Курултайга чейин Феликс Шаршенбаевичке өкүлдөр барып кеңешип келген. Талапкерлер жөнүндө маалымат берилген. Ал баарына макул болгон.

Курултай соңунда делегаттар партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерге өз каалоолорун айтты.

Талас облусунун Карабуура районунан келген Куралбек Усубалиев ыр менен сөз баштады:

Менин күнүм тирүүлүктөн түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Көр түбүндө чирисе да бир гүлдөйт, - деп Алыкул Осмонов айткандай, пикетте турган Карабуура эли 10-20 жылдан кийин болсо да бир гүлдөйт. Биздин талапкерлерге каалоорум - көздөгөн максатына жетсин
.

Кемин шайлоо округунан баруу себебин Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев мындайча түшүндүрдү:

- Өткөн шайлоодо да Кеминден Асанкул Акаевге каршы эч ким чыкпаптыр. Талапкерлигин койгондор болгон экен, алдырып салышыптыр. Бул жолу да Кеминге барып сурап көрсөк, Айдар Акаевге каршы эч ким койбойт дешүүдө. Демократия шартында андай болбош керек. Сөзсүз бир атаандаш болуш керек. Анан дагы бир себеп, КДК партиясынын Чүй облустук бөлүмүнүн лидерлери, башка партиялардын лидерлери Кеминге барбайсызбы деп кайрылышкандан, мен макул болдум.

Андан кийин сөз сүйлөгөн делегаттар парламенттик шайлоонун мааниси, жеңишке жетишүү зарылдыгы жөнүндө сөз улашты. Талкуу аяктагандан кийин “Арнамыс” партиясынын төртүнчү курултайы жабык деп жарыяланды.


(Сүрөттө: “Арнамыс” партиясынын бүгүнкү курултайынан бир көрүнүш.

XS
SM
MD
LG