Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

ОКРУГДУК КОМИССИЯ ТУТУМУ КАЛЫС ТҮЗҮЛГӨНБҮ?


Бүбүкан Досалиева, Прага. Парламенттик шайлоо өтүүчү 75 округ боюнча округдук комиссия тутуму бекитилип, учурда участкалык комиссиялар түзүлүүдө. Бирок, азыр Борбордук Шайлоо комиссиясы бекиткен округдук шайлоо комиссияларынын тутуму менен төрагалары мыйзамдын талабына ылайык тандалбай калган деген пикир күч алды.

Округдук шайлоо комиссияларынын тутуму жана төрагалары калыстык менен тандалбай калды деген көз караш комиссия тууралуу маалымат «Эркин Тоо» гезитине жарыялангандан кийин пайда болду. Буга 75 округдук комиссиянын 21инин төрагасынын «Алга, Кыргызстан» жана «Адилет» партияларынын өкүлү болгондугу себеп болду. Парламенттик шайлоону адилет өткөрүү үчүн 17 коомдук, эл аралык уюм, саясий партия жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн түзүлгөн Консультативдик кеңештин төрайымы Галина Куликова анын себебин билүү үчүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевге атайын кат жолдоп, анда эмне себептен башка саясий партиялардын өкүлдөрү комиссия төрагалыгына шайланбай калгандыгын билүүгө кызыкты:


- Шайлоону адилет жана демократиялык негизде өткөрүү боюнча Консультативдик кеңештин төрайымы катары мени округдук комиссиялардын жетекчилигинде өкмөттү жактаган «Алга, Кыргызстан» жана «Адилет» гана партиясынын өкүлдөрү болуп калгандыгы таң калтырып, нааразы кылат. Ошондуктан, мен Борбордук Шайлоо комиссиясына атайын кат жолдоп, анда башка партиялардын өкүлдөрүнө эмне себептен ишеним көрсөтүлбөгөндүгүн түшүндүрүүнү өтүндүм. Себеби, азыр участкалык комиссиялардын тутуму түзүлүп жатат. Эгер биз шайлоонун ачык, адилет болуусун чындап каалай турган болсок, анда алардын тутуму өкмөттү колдогон партиялардан башка партиялардын өкүлдөрүнөн да түзүлүшү зарыл.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын башчысы Нина Мухинанын билдирүүсү боюнча, округдук комиссияларды түзүүдө БШК мүчөлүккө сунуш кылынгандардын кайсы партиядан экендигине караган жок. Себеби:

-Комиссиянын төрагасы менен катчылыгына талапкерлерди областтык кеңештер сунуш кылды. ,- дейт Н.Мухина.

Бийликке оппозициядагы «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин билдирүүсү боюнча, комиссия тутуму үчүн БШКны кинелөө орунсуз. Себеби, азыр жергиликтүү бийликтин бардык баскычтагы жетекчилери «Алга, Кыргызстан» жана «Адилет» партияларынын өкүлдөрү болгондуктан жергиликтүү бийлик комиссия жетекчилигине ошол партиялардын өкүлдөрүн сунуштоого мажбур болгон:

- Себеби, азыр мектептин же райондогу бийликтин жетекчилеринин баары бийликти жактаган партиялардын өкүлдөрү.

Шайлоону адилет өткөрүү боюнча Консультативдик кеңештин төрайымы Галина Куликова мындай пикирге макул эмес. Себеби, ар бир комиссиянын тутумун бекитип жатканда БШК анын мүчөсүнүн саясий көз караш, багытын эске алууга милдеттүү болчу:

- Борбордук Шайлоо комиссиясы эмне үчүн бул ишке кийлигишкен жок жана башка партиялардын өкүлдөрү кайда деп сураган жок. Азыр шайлоого 20дан ашык катышып жатат. Алардын өкүлдөрү кайда? Комиссия төрагасына биздин «Менин өлкөм» партиясынын мүчөсү шайланган күндө да мен буга нааразы болмокмун. Себеби, Консультативдик кеңеш ушундай кемчиликтерди жоюу жана БШКга кеңештерди берүү үчүн түзүлгөн. Ошон үчүн мени ушул көрүнүш абдан нааразы кылып, башка партиялардын кызыкчылыгын коргоо үчүн айтууга милдеттүү болдум.

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн партиясы да комиссия мүчөлүгүнө 20дан ашык адамды сунуштагандыгын,бирок, алардын бирөө да төрагалыкка өтпөй,ону гана мүчө болгондугун билдирип, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Бул эки партия мамлекеттик административдик ресурсту колдонуу менен ушундай артыкчылыкка жетишти.

Ө.Текебаевдин баамында, мындай көрүнүш талапкерлердин калыс таймашына терс таасирин тийгизиши ажеп эмес:

-Округдук комиссия жана анын туруктуу иштеген төрагасы тигил же бул мыйзамды бузгандыгы үчүн талапкерди чакыртып, эскертип турушу зарыл. Округдук комиссиянын төрагасы өз партиясынын талапкеринин кээ бир мыйзам бузууларына көз жаздым мамиле жасап коюшу толук мүмкүн. ,-

Шайлоону адилет өткөрүү боюнча Консультативдик кеңештин төрайымы Галина Куликованын айтымында, азыр бул кемчиликти оңдоонун бир жолу бар. Ал участкалык комиссияларды партия, бейөкмөт уюмдардын сунуштарын калыс салмактап түзүү.Бирок, ал үчүн саясий партия, бейөкмөт уюмдардын талабы абдан зарыл.

XS
SM
MD
LG