Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Орусияда пенсионерлердин нааразылык акциясы уланууда


Жеңилдиктердин акчалай компенсация менен алмаштырылышына нааразы болгон пенсионерлер бүгүн Санкт-Петербург шаарында экинчи күн катары менен жолдорду торошту. Кызыл желектерди көтөргөн бир миңдей пенсионер президент Владимир Путинди отставкага кетүүгө чакырган сөздөрдү айтышып, жеңилдиктер калыбына келтирилишин талап кылып жатышты. Санкт- Петербургда кечээ да демонстрация болуп, ага он миңдей адам катышкан эле. Бир нече миң пенсионер бүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү Ставрополь шаарында да көчөгө чыгып, шаар борборундагы жолду жабышкан. Мындай мүнөздөгү нааразылык акциялар ушул аптада өлкөнүн бир катар чөлкөмдөрүндө өттү. Орусияда пенсионерлер менен майыптарга берилип келген жеңилдиктерди акчалай компенсация менен алмаштырган мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG