Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Форум демократиянын таңсыктыгын талкуулайт


БИШКЕК. 18-январда «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмеси, демократияны өнүктүрүү фонду, ГАНДИ институту «Кыргызстандагы демократиянын таңсыктыгы, анын себептери» деп аталган форум өткөргөнү жатат. Форумду Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев, экс-элчи Роза Отунбаева, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев, «Ар намыс» партиясынын лидери Эмил Алиев башкарат. Форумга саясатчылар, расмий бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана студенттер чакырылган. Бул тууралуу форумдун уюштуруу комитети маалымат таратты.

XS
SM
MD
LG