Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

КОНДОЛИЗА РАЙСТЫН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ


18-январь күнү АКШ сенаты мурунку мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин ордуна АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райсты бекитүү тууралуу маселени карайт. Кондолиза Райс бул мамлекеттик жогорку кызматка президент Буш тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында сунушталган. АКШдагы чоң саясий окуя кыргызстандык саясатчылардын да кызыгуусун туудурууда. Айрым саясатчылар түбү теги африкадан чыккан кара айымдын мамлекеттик катчылыкка дайындалышы Борбор Азия өлкөлөрүнө жакшы болот деп айтышса, кээ бир айтылган пикирлер орун алмаштыруудан натыйжа өзгөрбөйт же тескерисинче болуп кетиши ыктымаал дешет.

Акыркы төрт жыл бою АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси милдетин аткарып келген Кондолиза Райс эгер сенат тарабынан колдоо таба турган болсо АКШнын мамлекеттик катчылыгына, өткөн жылдын 15-ноябрында кызматтан кеткен Колин Пауэллдин ордуна жогорку өкмөттүк орунга дайындалган алгачкы түпкү теги африкалык аял болот. Кондолиза Райс айым тууралуу Кыргызстанда жакшы пикирлер арбын. Анын геосаясат боюнча окумуштуулук даражасы, АКШ жана жалпы эле дүйнөлүк саясаттагы кадыр-баркы жогору бааланууда. “Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо” коомдук институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикири:

- Кондолиза Райсты Америка элинин кыраан кыздарынын алдыңкысы деп айтсам жаңылбайм. Ал дүйнөлүк геосаясатты изилдеп, ыраматылык Советтер Союзунун ички, тышкы саясаттарын, эң оболу СССРдин келечеги жана өлүмүнүн негизги себептерин изидлеп жүргөн.

Топчубек Тургуналиев Райс айымды Джорж Буштун кадр тандоодогу кыраакылыгынын натыйжасы деп эсептээрин да билдирди:

- Джорж Буштун жакшы сапаттарынын бири-ал өзүнүн айланасына өтө бийик деңгээлде ой жүгүртө жана иш жүргүзө билген эң мыкты адамдарды, мамлекеттик ишмерлерди топтогону. Ошондой адамдардын бири - Кондолиза Райс.

Кондолиза Райс Джорж Буштун атасы бийликте турган мезгилде Улуттук коопсуздук кеңешинде Советтер Союзу боюнча кеңешчи болуп иштеген. Айрым пикирлер боюнча ошол убактан эле Райстын бирден-бир максаты Союзду талкалоо болгон, мындан ары деле ал КМШ өлкөлөрүнө каршы иштөөсү мүмкүн. Мындай пикирди Кыргызстандын мурунку элчилеринин бири Үсөн Сыдыков төмөнкүчө айтты:

- Райс биринчиден Орусияга жана бүтүндөй КМШ мамлекеттерине каршы коюлуп жаткан талапкер. Аны Колин Пауэллден жакшы саясат жүргүзөт деп ишенбейм. Ал Орусиянын жана башка мамлекеттердин келечеги, аларга көп каршы иштерди жүргүзүүгө даярдалган жана дайыма даяр турган адам.

Байкоочулар Райс айымдын кемчилиги катары Буштун айтканынан чыкпай, президенттин ар бир жасаган кадамы менен макул боло бергендигин белгилеп келишет. Буга мисал катары Райстын Иракка каршы согуш жарыялоодо Буштун чечимин толук колдоп бергендиги айтылат. Кыргыз саясатчылары муну ар тараптуу баалашууда. Сурамжылоого тартылгандардын көпчүлүгү Райсты кыраакы саясатчы катары баалашты. Мындай пикирди экс элчи Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында Кондолиза Райстын АКШ бийлигине экинчи адам катары келиши АКШ менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртышы мүмкүн:

- Буштун мурунку президенттик мөөнөтүндө Райс саясий аренада өзүнүн так иштегендиги жана иштин көзүн билгендиги менен өзүн көрсөтө алды. Ошондуктан ал мамлекеттик катчы болуп келсе, биздин аймактык мамилелерибиздин өнүгүп-өсүшү туура жолдо болот деп ойлойм.

Ал эми Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин ою боюнча Кондолиза Райстын мамлекеттик катчылыкка келиши АКШда да, дүйнөлүк саясатта да орчундуу өзгөрүүлөргө алып келбесе да кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүүлөр болот:

- АКШнын жалпы тышкы саясат, стратегиясы өзгөрбөйт. Бирок саясат жүргүзүүдө усулдук жана технологиялык жактан албетте өзгөрүүлөр болот. Анткени, белгилүү болгондой Райс Пауэллге караганда катаалыраак.

АКШ парламентинин жогорку палатасы Буштун сунушун колдоп берсе, Кондолиза Райс АКШнын бийик мартабалуу өкмөттүк кызматын ээлеген африкалык алгачкы, ал эми АКШ тарыхында мамлекеттик катчылыкка дайындалган экинчи аял киши болот. Райска чейин мамлекеттик катчылык кызматына аялдардан биринчи Мадлен Олбрайт көтөрүлгөнү белгилүү.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси, учурда мамлекеттик катчылык кызматына көрсөтүлүп жаткан Кондолиза Райс 50 жашта. Ал Советтер Союзу жана Чехословакиянын аскердик байланышы тууралуу докторлук диссертациясын жактап, Союз кыйраардын алдында АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Советтер Союзу боюнча эксперт кызматын аркалап келген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG