Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫ КЫРГЫЗ МЫЙЗАМДАРЫНА БАШ ИЙБЕЙБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек. Өткөн аптада адегенде, айрым интернет андан соң жергиликтүү маалымат каражаттарына «өкмөт башчы Николай Танаевдин парламенттик шайлоого байланыштуу өткөргөн жашыруун жыйынынан жазылып алынды» делинген көлөмдүү маалымат жарыяланды. Андан көп өтпөй президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга жана эркин маалымат каражаттарына каршы күрөштү күчөтүү тууралуу өкмөт башчы Николай Танаевге жазган жашыруун каты басылды.

Парламенттеги айрым депутаттар аткаруу бийлиги соңку мезгилдери жашыруун жумушчу топ түзүп, келээрки парламенттик шайлоодо оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды өткөрбөө аракетин баштагандыгын буга чейин бир нече курдай Жогорку Кеңештин трибунасы аркылуу коомчулукка эскертишкен. Андан көп өтпөй эле өкмөт башчы Николай Танаевдин мына ушул максатта өткөргөн жашыруун жыйынынан жазылып алынган баяндама жана президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун премьр-минстрге жазган жашыруун каты айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыяланды. Өкмөт жыйыны тууралуу маалыматта премьер-министр Николай Танаев мамлекет башчы Аскар Акаевдин тапшырмасы боюнча жыйын өткөрүп, оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды парламенттик шайлоого катыштырбоо тууралуу облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилерге катуу көрсөтмө бергендиги айтылат. Ал эми президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун катында президенттик админстрация өкүлү өкмөт башчыга бийликке жакпаган саясатчыларга жана эркин маалымат каражаттарына каршы күрөштү күчөтүү тууралуу тапшырма бергендиги жазылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, азырынча мындай маалыматтардын чын же төгүн экендигин далилдеген эч ким жок. Оппозициялык гезиттер мындай маалыматтар чындык экендигин айтышып, ага далил катары өкмөт башчынын жыйындан жазылып алынган үнү бар экендигин келтиришет. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо өкмөт башчы эч убакта жогорудагыдай жыйын өткөрбөгөндүгүн айтышып, мындай маалыматтар коомдо карама-каршылыкты жаратып, аткаруу бийлигинин кадыр-баркын кетирүү максатында кимди бирөөлөр тарабынан жазылды дешет. Маселен, Президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков бул тууралуу 17-январда атайын жыйын өткөрүп, эгерде кимде ким ушундай маалыматтарды далилдеп бере турган болсо, бийликтен өз каалоом менен кетем деген пикирин мындайча билдирди:

-Мына ошол жерде мен жөнүндө да жазылган. Мен сизге ачык айтып жатам. Мындай жыйын болгон эмес, болмок да эмес. Мындай маселе каралган да эмес. Эгерде кимдир бирөө менин мына ошол жыйынга катышкандыгымы далилдеп бере турган болсо, мен өз каалоом менен кызматтан кетүүгө даярмын.

Болот Жанузаков ошондой эле журналистердин суроолоруна жооп берди. «Азаттыктын» кабарчысынын «мамлекет башчы Аскар Акаев Украина президенти Виктор Ющенкону аталган өлкөдө 600 миллион долардын жоголушуна катышы бар адам» деп мүнөздөп, сындашы келечекте эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге доо кетирбейби, деген суроосуна Болот Жанузаков:

-Чындык айткандан бузулбайт. Чындык кайсыл жерде болсо да чындык болуш керек.-деп жооп берди. Ошондой эле Болот Жанузаковдун пикиринде мамлекет башчы Аскар Акаевдин соңку мезгилдери мамлкеттик маалымат каражаттары аркылуу оппозицияны жамандап, парламенттик шайлоого катыша турган кызы Бермет Акаеваны макташы парламенттик шайлоого тиешеси жок:

-Эгерде өзүнүн кызын мактаса ар кимибиз деле өзүбүз жөнүндө айтып жатпайбызбы. Кылган ишин айтты. Мунун шайлоого тиешеси жок.
ушундай пикирин билдирди президенттик Админстарция башчысынын орун басары Болот Жанузаков.

Кыргызстандын Шайлоо кодексинде өлкөдөгү ар бир мамлекеттик кызматкердин үгүт иштерине тыюу салынган мезгилде кайсыл бир саясий топту каралап же депутаттыка талапкердиги көрсөтүлгөн кимдир бирөөнү мактоосуна тыюу салынган. Буга байланыштуу оппозиция өкүлдөрү мамлекет башы Аскар Акаевдин парламенттик шайлоого талапкердиги көрсөтүлгөн кызы Берметти мактап оппозицияны жамандаган аракетин мыйзамсыз дешет:
- Мамлекет башчы оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга каршы гана үгүт жүргүзбөстөн, өзүнүн жакын туугандарын колдоп да үгүт жүргүзүүдө. Ал эми анын кол астындагы Улуттук теле-радио компания мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызын мактап, күнүнө маалымат берүүдө. Бул түздөн-түз мыйзамдын бузулушу.Ушундан улам келээрки шайлоолор адилет өтөт дегенге ишениш кыйын.-деди Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Өмүрбек Текебаев.

Ал эми БШК нын парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине көзөмөл салуу боюнча комиссия өкүлдөрү мамлекет башчынын жогорудагыдай аракети тууралуу кандайдыр бир жооп берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG