Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

НАЦИСТТИК БЕЛГИЛЕРДИ ПАЙДАЛАНУУГА ЕВРОПАДА ЧЕК КОЮЛАТ


Нарын Айып, Прага. Улуу Британиянын ханзадаларынын бири менен байланыштуу январдын башында чатак чыккандан кийин, Европа Биримдигине кирген өлкөлөр ичинде нацисттик символдорду колдонууга тыюу салуу маселеси талкуулана баштады. Андай демилгени немис саясатчылары көтөргөнү дагы өзгөчө мааниге ээ.

Британиянын "Сан" гезити 13-январдагы санында ханзада Гарринин фашисттик аскерий кийим кийип түшкөн сүрөтүн басып чыкканы британиялык жана европалык коомду дүрбөлөңгө салды. Гезиттин жазышынча, сүрөт - андан бир апта мурда болгон Гарринин Мидз деген досунун туулган күнү менен байланыштуу бир кечеде тартылып алынган жана ага келген коноктор ар башка кийим кийип келгендиктен, Гарри нацисттик кийим менен элди таң калтырайын деген.

Ошол эле күнү Гарри элден кечирим сурады, бирок журналисттер менен коомдук ишмерлер ханзада жана анын туугандары тууралуу көптөгөн терс пикир айтып, падышалык үй-бүлөнү сынга алды. Айрымдары - 20 жаштагы балага кантип кийинүү керек экени тууралуу үй-бүлөдө эч ким эч нерсе айта албайбы десе, башкалары - анын улуу таякелеринин бири Эдуард Он Үчүнчү бир кезде атайын Берлинге барып, Гитлер менен кол алышканын эстеди. Гарри - азыркы каныша Элизабет Экинчинин уулу Чарлздын экинчи уулу.

Аны менен байланыштуу Алманиянын бир нече коомдук ишмери өткөн аптада демилге көтөрүп, деги эли Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде нацисттик белгилерди пайдаланууга тыюу салыш керек деп чыкты. Биримдиктин өкмөтү болуп эсептелинген Европа Комиссиясынын төрагасынын орун басары Франко Фраттини 17-январда маселени карап чыгыш керек деп билдирди. Анын басма сөз катчысы Фризо Роскам Эббингдин айтымында, Биримдикке кирген мамлекеттердин ички иштер министрлерине атайын тапшырма берилди жана маселе эми январдын аягында Брюсселде өтө турган жыйында каралат: "Андай талкууга комиссар Фраттини өзү да жигердүү катышууга өтө кызыкдар жана мүчө-мамлекеттер тарабынан бул идеяга колдоо көрсөтүлсө, анда атайын изилдөө жүргүзүлөт жана тийиштүү чара көрүүгө камылгалар жасала башталат".

Аны менен катар, жалаң эле символика эмес, деги эле расизм, нацизм жана антисемитизмге каршы дагы жалпы чара көрүү маселеси талкууланышы мүмкүн. Андай демилге мындан эки жыл мурда эле көтөрүлгөн, бирок ага Италия каршы чыгып, алдын ала Европа Биримдигинин жалпы конституциясын иштеп чыгып, аны кабыл алалы, андан соң гана башка маселелерге өтөлү деп билдирген. Фраттини өзү мурда Италиянын тышкы иштер министри болуп иштеген.

Бирок Фраттининин жардамчысы Роскам Эббингдин айтымында, расизм же антисемитизмге каршы күрөшүү жарандардын негизги эркиндиктерин чектебөөгө тийиш: "Фраттининин пикиринде, бул талкуу өтө кылдаттык менен жүргүзүлүүгө тийиш, анткени антисемитизм, дискриминация, фашизм жана нацизмге каршы күрөшүү менен кошо ойду эркин билдирүү эч чектелип калбаш керек. Кээ бир учурларда бул эки маселени бир-биринен бөлүү өтө татаал жана биз аны сөзсүз эске алабыз".

Аны менен катар, Роскам Эббингдин айтымында, нацизм сыяктуу эле тоталитардык идеология болгон коммунизм сыяктуу окуулардын символикасын пайдаланууга чек коюу маселеси азырынча чыга элек.

XS
SM
MD
LG