Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

БАЙКООЧУЛАР БАА БЕРЕТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкө катары бир катар эл аралык Келишим, алардын ичинде шайлоолорду ачык, эркин өткөрүү боюнча да Макулдашууларга коюп, эл аралык коомчулуктун алдында тиешелүү милдеттенмелерди алган.

КМШ аймагындагы өлкөлөрдөгү соңку саясий жараяндарга көз салып турган дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда февраль айында өтө турган шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө эл аралык уюмдардын байкоочуларынан маалымат алат. Бир катар бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы шайлоо жараяндарына эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карандысыз байкоо жүргүзүшү зарыл. Буга байланыштуу “Атуулдук коом корупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова мындай дейт:

Кандайча ачык, акыйкат шайлоо жараяндары өлкөдө жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу Кыргызстан эл аралык уюмдарга көрсөтүп турушу керек. Эл аралык уюмдардын байкоочулары биздин өлкөдө шайлоонун өтүшү, ошондой эле шайлоо алдындагы түзүлгөн кырдаал боюнча мониторинг жүргүзүшөт. Бул демократиялык өлкөлөрдө орун алган көрүнүштөрдүн бири. Эгерде Кыргызстан өлкөдөгү шайлоолорду чыныгы ачык, эркин өткөрө алса, анда ал демократиялык өлкө экендигин дүйнөлүк коомчулукка айгинелеп бере алат .

Ал эми өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар эл аралык байкоочулар Грузияда, же болбосо, Украинада орун алган ыңклаб жараяндарын жүргүзүүгө да аракеттенүүсү ыктымал деген тынчсызданууларын билдиришүүдө. Бул жөнүндө Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар Ассоциациясынын төрайымы Токтайым Уметалиева мындай деди:

Албетте, эл аралык уюмдардан Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө келгендиги жакшы. Бирок, эгерде ал башка максаттар менен, мисалы, Грузияда роза революциясы, Украинада саргыч ыңклаб болгон сыяктуу Кыргызстанда жоогазын ыңклабын жасайбыз деген саясий пландар менен келишсе, анда бул туура эмес. Байкоочулукка жамынып алып, башка максаттар менен келип калышы мүмкүн деген да тынчсыздануубуз бар. Анткени, мисалга алсак, Украинадан ЕККУнун атынан байкоочу болуп келген адамдар кандай иш жүргүзөөрү белгилүү да .

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев да, эл аралык уюмдар Кыргызстандагы шайлоо жараяндарына тымызын кийилигишүүсү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

Айрым бейөкмөт уюмдар болсо, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ачык, эркин, адилет өтүшү өлкө атуулдарынын шайлоого карата мамилесинен гана көз каранды деген көз карашта. Анткени, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн байкоочу катары катышуусу гана Кыргызстандагы шайлоолордун ачык өтүшүнө кепилдик бере албайт. Буга байланыштуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун көз карашын уксак:

“Менин пикиримде, Кыргызстанда шайлоонун ачык, адилет өтүшү эл аралык уюмдарга байланыштуу эмес. Өлкөбүздө эркин, ачык шайлоо өткөрүү - өз элибиздин колунда. Бул биздин бийликтин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, өкмөттүн, депутаттыкка талапкерлердин мыйзам чегинде иш жүргүзүшүнө көз каранды. Ал эми эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болсо, болгону, канчалык деңгээлде Кыргызстанда шайлоо адилет, эл аралык стандарттарга ылайык өткөндүгү жөнүндө чет өлкөлөргө маалымат таратышат”, - дейт Эдил Байсалов.
дейт Эдил Байсалов.

27-февралга чейин Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 170ке жакын байкоочусунун келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG