Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Беслан трагедиясы менен байланыштуу Осетияда нааразылык акциясы өтүүдө.


Сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарында болгон барымтада туугандарын жоготкон жүзгө жакын адам үч күндөн бери Түндүк Осетиядан Азербайжанга кеткен кан жолду тосуп, бийликке нааразылыгын билдирүүдө. Алардын айтымында, бийлик окуянын толук иликтенишине жол бербей жатат жана бул ишке эл аралык эксперттердин катышуусу талаптуу. Алар менен бүгүн Түндүк Кавказ аймагы боюнча президенттин өкүлү Дмитрий Козак телефон аркылуу сүйлөштү. Биринчи сентябрда Бесландагы мектеп жана анын ичиндеги миңден ашык адам барымтага алынып, 3-сентябрда чыккан баш аламан ок атышууда үч жүз элүүгө жакын адам курман болгон, алардын жарымынан көбү балдар.

XS
SM
MD
LG