Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

ВИКТОР ЮЩЕНКО МОСКВАДА ВЛАДИМИР ПУТИН МЕНЕН ЖОЛУКТУ


Кубат Оторбаев, Прага Украинанын президенти Виктор Ющенко мамлекет башчысы катары биринчи сапарын дүйшөмбүдө Москвадан баштады. Ал Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, шайлоо учурунда салкындай түшкөн эки тараптуу мамилени жакшыртуу максатында бир катар маселелерди талкуулады. Жекшембиде ант берүү аземи учурунда Ющенко Украинанын келечеги Европа биримдигинде экендигин айткан. Бирок ал азырынча Орусия Киев үчүн башкы өнөктөрдүн бири экенин да жокко чыгарбайт.

Жекшембиде президенттик кызматка киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө ал Украинанын келечегин Европа биримдигисиз элестетүү мүмкүн эмес деген болчу:

– Биздин келечекке жолубуз Европага кошулууга алып баруучу жол. Биз европалык улуттар менен биргебиз, биз ошол цивилизацияга таандыкпыз. Биз дагы алардын дөөлөттөрүн өзүбүздүкү деп эсептейбиз. Элибиздин тарыхы, экономикалык кызыкчылыктары “Биздин тагдырыбыз ким менен?” деген суроого так жооп берет. Биздин ордубуз Европа биримдигинде жана менин максатым – Украинаны Евробиримдикке кошуу болуп эсептелет.

Дүйшөмбү күнү Украин президентинин визити алдында Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко эки мамлекеттин мамилесинин тамыры өтө тереңде жана Москва менен Киевдин кызматташуусу күчтүү бойдон калат деген пикирин айтты:

- Орусия менен Украинанын мамилеси тарых, география, экономика жана акыр-аягы эки элдин тагдыры менен аныкталган. Кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан башка жаңы жолу азырынча биздин маңдайга жазыла элек. Эки тараптуу мамиленин негизинде биздин эки элдин жана эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары жатат.

Президент Ющенко болсо ант берүү учурунда мындан ары Украина башкалардын көзүн карабаган өз алдынча улуттук саясат жүргүзүүгө бет алат деп билдирди:

– Украина башка улуттардын арасындагы өзүнүн татыктуу ордун алат. Украина ким-бирөөлөрдүн атаандаша турган же бир оюн өткөрө турган аймагы болбойт. Биз башка державалардын кызыкчылыктарын урматтоого даярбыз. Бирок мен үчүн да, сиздер үчүн да Украинанын улуттук кызыкчылыктары баарынан жогору турат.

Кремль болсо Украина менен кызматташууну экономикага байлайт. Орус президенти Путин Ющенкону куттуктоосунда Орусия менен Украина Бирдиктүү экономикалык аймак уюмунун алкагында активдүү алака түзөт деген ниетин билдирди.

Олександр Сушко - кеңсеси Киевде жайгашкан Тынчтык, кайра куруу жана тышкы саясат боюнча борбордун директору. Анын айтымында Ющенко президент катары өзүнүн биринчи сапарын Москвадан баштап жатканы ал Кремлдин пландарын колдоого алып жатат дегенди түшүндүрбөйт. Орусияга сапар президенттик шайлоо убагында татаалдаша түшкөн мамилелерди жакшыртууга жасалган алгачкы аракет, анткени Путин Ющенконун атаандашы, мурдагы премьер-министр Виктор Януковичти катуу колдоого алган болчу:

– Бул визит акыркы айларда эки тараптуу мамиле салкындай түшкөн мамлекетке жасалып жатат. Ал Орусиянын Украинадагы шайлоого карата жасаган мамилесинен улам жакшы болбой калган.

Ноябрда перзидент Путин добуш берүүлөрдөгү мыйзам бузууларды эске албай туруп Януковичти катуу колдогон болчу. Ал шайлоо алдында кайра-кайра Украинага каттап, реклама жасап да берген. Шайлоонун биринчи айлампасынын ырасмий жыйынтыктары чыга электе эле Януковичти куттуктап, Ющенконун жактоочуларынын каарына калган.

Ошентсе да Ющенконун Москвага каттап жатышынын аркасында Украинанын реалдуу экономикалык кызыкчылыктары да жатканы жашыруун эмес. Анткени эки мамлекеттин байланыштары саясий оюндарга караганда турмуш-тиричиликке көбүрөөк байланган. Анын үстүнө Украинада орустар да көп жашайт.

Олександр Сушконун айтымында ошентсе да Ющенконун колунда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар:

– Президенттик шайлоо кампаниясы учурунда Кремлдин нааразы болгонун баарыбыз көрдүк, ага карабай украин эли Кремль каалаган талапкерди эмес, өзү каалаган адамды тандады. Ошол себептен Украинаны Орусиянын көзүн каратпаган мамлекет катары эркин саясат жүргүзүүгө Ющенконун колунда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Москвадагы Эларалык мамилелер институтунун өкүлү, эксперт Кирилл Коктуш
Ющенко эч убакта орустарга каршы саясат жасаган эмес, ал болгону Кремлдин азыркы бийликтери менен гана тил табыша албай калган болчу дейт:

- Ющенко көптөр ойлоп жаткандай эч убакта улутчул болгон эмес. Анын мамилеси улутту колдоого багытталганы менен, улутчулдарга багытталган эмес. Ошондуктан Ющенконун жеңишин улутчулдук маанай басымдуулук кылган батыш Украинанын жеңиши катары да баалоого болбойт.

Кирилл Коктуштун пикири боюнча Ющенконун жеңишин Украинада бизнес жасап жаткан миңдеген ишкерлер сүйүнүп кабыл алышты жана алар либерал-демократ Ющенко экономиканы Путинге караганда жакшы түшүнөт деп эсептешет.

“Ал эми Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна келе турган болсок, - дейт Коктуш, - бул өтө татаал экономикалык реформаларды талап кылат, Киев болсо азырынча ага даяр эмес”.

XS
SM
MD
LG