Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

ОРУСИЯНЫН ЭҢ БАШКЫ УНИВЕРСИТЕТИНЕ 250 ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва 24-январда Орусиянын ордо калаасында Москва мамлекеттик университетинин (ММУнун) 250 жылдык юбилейин утурлаган эларалык илимий конференция ачылды. Ага дүйнө жүзүнүн 100дөн ашуун ири университеттеринин жана Орусиянын 400дөн ашуун жогорку окуу жайларынын ректорлору катышып атышат. ММУнун ректору Виктор Садовничийдин айтканына караганда, форумдун катышуучулары университеттик билимди жакшыртууну талкууга алышмакчы.

Бул күнү Москвада жүздөгөн жогорку окуу жайлардын жетекчилери илимий конференцияга чогулушту. Анын шылтоосу - өлкөдө эң барктуу жогорку окуу жайы МГУнун ачылышына 250 жыл толушу болду. Алыстан келген сый коноктор арасында аталган университеттин ардактуу профессору, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да бар.

Алдыңкы күнү Кремлде Орусия президенти Владимир Путин аны кабыл алуу маалында Аскар Акаевге ыраазылыгын билдирди:

- Орусиянын аскердик базасынын Кантта жайгашуусуна байланышкан документтерди Кыргыз парламентинин ратификациядан өткөргөнү үчүн ыраазылыгымды билдиргим келет.

Ага жооп ирээтинде президент Аскар Акаев мындай деди:

- Эми ал (Канттагы база) жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, Борбор Азиянын жалпы коопсуздугун камсыз кылуу системасынын составдык бир бөлүгү болуп калды.

Ушул күнү иши башталган ММУдагы илимий конференцияга кайра келсек, ага жүздөн көбүрөөк өлкөдөн илимпоздор катышышты. Маселен, Кошмо Штаттарынан келген делегациянын катарында Индиана университетинин ректору Жон Райн сөз сүйлөп, эки тараптуу илимий кызматташтыкка баа берди, Ал кебинин башында мындай деди:

- Мен сиздерге Кошмо Штаттарынын академиялык коомчулугунун атынан 250 жылдык тоюңуздарга жакшы каалоолорду алып келдим.

Же болбосо Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин ректору Людмила Вербицкаянын сөзүндө эки университеттин окутуучулары менен студенттери жеринен эле жылуу мамиледе экенин мындайча мисалдар менен түшүндүрдү:

- 1911-жылы Петербуг университетинин студенттери эл агартуу министринин чечимине каршы нааразылык акциясын өткөрүп, көчөгө чыгышкан. Көп өтпөй аларга кошулган Москва университетинин 20 окутуучу-профессорлору кызматтарынан өздөрү кетишкен.

Орусиянын окуу жайларынын ичинен көч башында турган ММУ азыркы тушта да жаштарга билим берүүдө талапты катуу койгон окуу жайдын бири. ММУнун ректору Виктор Садвничийдин пикири:

- Орточо конкурс боюнча бир орунга алты талапкер туш келет. Дайыма ушундай болгон жана азыр да экзамендер мурдагы жылдардагыдан бошоңдобойт. (Ошон үчүн биздин) университетке өтүү кыйын дешет.
XS
SM
MD
LG