Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

ЮЛИЯ ТИМОШЕНКОГО ҮМҮТ АРТЫЛУУДА


Айнура Жекше кызы, Прага. Кечээ Украинанын президенти Виктор Ющенко шериги Юлия Тимошенкону премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Эми анын кандидатурасы парламенттин макулудугун алууга тийиш. Тимошенко жаңы өкмөттүн программасын жарыялай элек, бирок буга чейин приватташтыруу процессин кайра карап чыгууга, рынок реформаларын күч алдырууга сөз берген. Жаңы премьер ошондой эле өлкөнүн Евробиримдикке кошулушу үчүн аракеттене турганын ырастаган.

5-январда Юлия Тимошенко Виктор Ющенко президент болуп калса, аны өкмөт башчылыкка дайындайт деп билдирген эле. Шериктер ортосунда ушундай макулдашууга июнь айында жетишилген. Ющенко сөзүнө туруп, дүйшөмбүдө Москвага жөнөөрдүн алдында Тимошенкону премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Киевтик аналитик Олександр Литвиненко Тимошенко парламенттин макулдугун оңой эле ала алат деп эсептейт:

Анын шанстары жогору деп ойлойм. Эксперттер Ющенко өкмөт башчылыкка кайсы адамды көргөзбөсүн паралмент аны бекитет дешет.

Расмий эмес изилдөөнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй коммунисттердин фракциясы, кээ бир социал-демократтар жана чыгыш региондордун депутаттары Тимошенкону колдобой коюшу мүмкүн.

Тимошенко өзүнүн пландарын жарыялай элек, бирок аналитик Литвиненко болжолдогондой, анын программасы Ющенконун платформасынан айырмаланбайт.

Премьер-министр келечек пландары менен тааныштыра элек. Менимче, Тимошенко өз ишин президенттин шайлоо кампаниясында сунуш этилген программага ылайык жүргүзөт. Анын жогорку кызматка келиши менен өлкөдөгү реформалар ыкчамдайт.

Премьердин алгачкы кадамдары коррупцияга, жергиликтүү кландарга каршы багытталат деп болжолдойт тарых жана философия профессору Игорь Лосев. Тимошенко тымызын приватташтырууну кайра карап чыгууга да убада берген. Бирок аналитик глобалдуу улутташтыруу күтүлбөйт деп эсептетйт.

Лосевтин пикиринде, жаңы өкмөттүн негизги багыттарынын бири Евробиримдик менен кызматташуу болмокчу:

Шаркеттин мүчөсү болбой туруп эле, Украина эркин соода келишимдерине жетишиши мүмкүн. Өлкө бир нече жылдын ичинде бажы союзуна да кирип калышы ажеп эмес. Биримдик менен Украина ортосундагы виза режимин жеңилдетүү да боло турган иш.

Жакында шаркет өлкөнүн жаңы өкмөтүн колдоо планы жөнүндө жарыялады. Анын алкагында соода тоскоолдуктары жоюлуп, инвестициялар көбөйтүлмөкчү. Брюссель Киев менен саясий кызматташууну арттырууну да көздөп жатат.

Ал эми кошуна Россиянын президенти Путин Ющенко менен жолугуп жатып, жаңы дайындоону комментариялоодон баш тартты:

Биз Украинанын жаңы өкмөтүнө баа бере албайбыз. Биринчиден, менин билишимче, ал курала элек. Экинчиден, анын иштерине ошол өлкөнүн жарандары баа берүүгө тийиш, - деп чектелди Путин.

Орус прокуратурасы Тимошенкого Россиянын корогоо министрлигиндеги жогорку кызматкерлерди паралагандыгы үчүн айып таккан. Тимошенко болсо бул иштин саясий жүйөөсү бар деп кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG