Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Пикетчилер тарабайт


БИШКЕК.25-январда экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин жыйыны болду. Анда комиттетин төрагасы Турсунбек Акундун шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу бул милдеттен бошотулуп, анын ордуна Ракыя Жусупова шайланды. Жыйында андан тышкары Роза Отунбаева конституциялык укугуна ээ болмоюнча пикетти уланта берүү чечими кабылданды. Ушул эле күнү эртең менен пикетте турган эки атуул Кубанычбек Жунушалиев жана Маматказы Капаровду машинасы менен бирге Мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери кармап кетип, кайра бошотушту. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын маалымдоосу боюнча, алар пикетчилердин талабы жазылган транспоранттар менен плакаттарды машинадан алып чыгып жатканда кармалып, машинасы автоинспекциянын шаардык бөлүмүнүн айып аянтчасына коюлду. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын тергөөчүсү Мирлан Насыров машина пикетчилердин плакаттарын алуу үчүн кармалды деп билдиргендигин «Азаттыкка» укук коргоочулар кабарлашты.

XS
SM
MD
LG