Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

ООГАНСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ ӨТПӨЙ КАЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Кубат Оторбаев, Прага Эксперттердин пикиринде Ооганстанда 20-майга белгиленген парламенттик шайлоо андан кийинки мөөнөткө калтырылат окшоп калды. Негизи, шайлоо өткөн жылдын июнь айында эле өтүүгө тийиш болчу. Бирок коопсуздук сакталбай, коогалаңдуу жагдай жөнгө салынбай жаткандыктан добуш берүүнү ушул жазга калтырышкан эле. Эми болсо өлкө өнөктүккө даяр эмес болуп чыкты. Анткени элдин саны такталбай жаткандыктан округдар түзүлө элек. Мыйзам боюнча болсо округдар - шайлоого төрт ай калганда түзүлүүгө тийиш эле – ага үлгүрбөй калышты. Анын үстүнө, кандай жол менен добуш бериш керек деген маселе да алигиче чечиле элек.

Ооганстанда өткөн жылдын октябрында президенттик шайлоо болгон. Бирок бул жолку шайлоо өзүнүн уюштурулушу жагынан андан алдаганча татаалдыгы менен айырмаланып жатат. Анткени парламенттин төмөнкү палатасы менен катар эле провинциалдык жана муниципиалдык кеңештерге да депутаттар тандалат. Даярдык начар болгондуктан ооган чиновниктери аны өз мөөнөтүнөн кийинкиге калтырганды оң көрүп жатышкандай.

Барнетт Рубин – кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эларалык мамилелер университетинин иликтөө борборунун директору. Ал Ооганстанга адистешкен эксперт:

– Менимче, провинциалдык жана муниципиалдык кеңештерди айтпаганда да, быйыл жазга белгиленген парламенттик шайлоону өз деңгээлинде өткөрүүгө мүмкүн эмес экенин аны уюштуруп жаткандар мурда эле билишкен. Ошол себептен муниципиалдык кеңештерге жыл аягына чейин шайлоонун өтөөрүнөн үмүт кылбай эле койсок болот.

Шайлоонун өз маалында өтүшүнө баарыдан мурда элдин санынын такталбай жатканы тоскоолдук кылышы ыктымал. Анткени Ооганстанда жыйырма жылдай убакыттан бери элдик каттоо жүргүзүлгөн эмес. Ушул тапта элдик каттоонун өзү эмес, ага даярдык катары алдын ала каттоо жүрүп жатат жана ал жакында аякташы ыктымал. Барнетт Рубиндин айтымында элдин санынан так болушу өзгөчө Ооганстан үчүн өтө маанилүү:

– Конституция боюнча парламенттин төмөнкү палатасынын мүчөлөрү эл тарабынан пропорционалдык жол менен шайланууга тийиш деп жазылган. Ал эми шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык болсо ар бир облус өнөктүктүн бир бөлүгү катары каралат. Парламенттеги орун элдин санына жараша пропорционалдуу бөлүнмөкчү жана ага кошумча катары ар бир облустан экиден аял келет. Ар бир облустун калкы Ооганстан үчүн өтө маанилүү маселе. Анткени парламенттеги бийликтин салмагын ушул нерсе чечет. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандар ушундан саясий көз боемочулук болуп кетти деп чыгышы ыктымал.

Бирок азырынча Ооганстандын бийлиги шайлоо кийинки мөөнөткө калтырылат деген мүнөздөгү билдирүү жасай элек. Президент Хамид Карзай шейшемби күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө милдеттүү жаңы шайлоо комиссиясын бекитти. Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын өкүлү Султан Ахмад Бахиндин айтымында жаңы түзүлгөн комиссия азырынча шайлоону кийин өткөрүү тууралуу маселени талкуулай элек. Бирок жакыны арада анын качан болоорун жарыялашы да ыктымал.

Том Мүллер Ооганстандагы шайлоого баа берүү жана иликтөө боюнча топтун менеджери. Анын айтымында шайлоонун июнь же июль айына чейин өтөөрү күмөн, анткени бир катар проблемалар азыркыга чейин чечилбей келатат:

– Парламенттик шайлоону тандоонун кандай системасы менен өткөрүш керек деген талаштуу маселе жакынкы арада чечилиши ыктымал. Бул – бир адам бир добушка ээ система болобу же пропорционалдык жол менен тандоо системасы болобу –ал азыр белгисиз. Кайсынысы мыкты деген маселе боюнча талаш-тартыштар Кабулда дагы, өкмөттө жана башка шайлоого тиешеси бар адамдар арасында да жүрүп жатат. Ошондуктан бул эң талылуу, бирок жети өлчөп бир кесилген чечим болот.

Том Мүллердин айтымында шайлоо мыйзамдарында ар бир адам тигил же бул саясий тарапка эмес, ар бир талапкерге бирден добуш таштай турганы айтылган. Талаш-тартыштардын жыйынтыгында бул эреже өзгөрөбү же жокпу – мунун да азырынча башы ачылбай жатат.

Том Мүллердин пикиринде көп улуттан турган Ооганстан сыяктуу өлкөгө пропорционалдык система ылайык болмок. Анткени парламентке ар кайсы уруулардын эмес, саясий партиялардын өкүлдөрү келмек.

XS
SM
MD
LG