Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:15

СОТ ИШТЕРИ ТИРЕШҮҮНҮ КҮЧӨТӨБҮ?


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаевага, Кыргызстан Элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжуровага жана ушул эле уюмдун саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге Биринчи май райондук ички иштер кызматы 19-январда Бишкекте нааразылык акциясын уюштурду, коомдук тартипти бузду, милиция кызматкерлерине баш ийген жок деп күнөө коюп, административдик иш козгогон. 20 чамалаш милиция кызматкеринин арызынын негизинде козголгон бул административдик ишти райондук сот бир жума карап, анын жыйынтыгы менен ар бирине миң сомдон айып салды.

Саясатчылар мындай чечимди бийликтин саясий заказы катары сыпатташып, өз укуктарын коргоо үчүн шаардык соттон тарта эл аралык уюмдарга чейин кайрылаарын дароо жарыя кылышты. Маселен, Ишенгүл Болжурова:

- Саясий фарс болуп атат. Башынан аягына чейин саясий заказды аткарып атышат.

Топчубек Тургуналиев ошондуктан, бул ишти жөн калтырбайбыз дейт:

- Муну шаардык сотко, Жогорку сотко, Конституциялык сотко, анан Эл аралык сотко беребиз. Муну мындай калтырбайбыз. Себеби, кеп миң сомдо эмес. Кеп адилетсиздикте болуп атат.

- Мен эч кандай саясий баа бере албайм, - деди Роза Отунбаеванын адвокаты Нурлан Садыков, - Бирок, сот жараяны сот принциптерин одоно бузуу менен өттү.

Ал эми Топчубек Тургуналиевдин коомдук коргоочусу, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исамилова сот «Тынч жүрүш, митинг, демонстрацияларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзамга байланыштуу Конституциялык сот 2004-жылдын 14-октябрында кабыл алган чечимди эске албай, Бишкек шаардык кеңештин акцияларга байланыштуу мыйзамга каршы келген акыркы чечимине гана таянды» деп нааразы болду:

- Бирок, биз укук коргоочу катары өзүбүзгө ачкан нерсе – административдик иш Административдик беренелерге негизделген эмес. Ал жерге мөөр да коюлган эмес, кайсы жерде толтурулгандыгы да белгисиз.

Исмаилованын айтымында, соттогу мыйзам бузууларды аныктоо үчүн БУУнун Женевадагы адам укуктары боюнча комитетине чейин даттануу чаралары көрүлөт.

Бийлик оппозициялык саясатчыларга кысым көрсөтүү, аларды басмырлоо максатында соттук териштирүүлөрдү атайын уюштуруп жатат деп эсептеген Роза Отунбаева болсо «Атажурт» кыймылынын башкы максаты соттук териштирүүлөр менен алектенүү эмес, шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн күрөшүү дейт:

- Эмне себептен азыркы режимге каршы чыгып атканыбызды айтабыз. Бизде иш көп. Азыр мына иш жаңы башталып атат. Бир айдан бери бизди токтото албай, күчү кетип, мына Москвага чейин биздин ажобуз чаап барып келди. Ушунчалык чый-пыйы чыгып, бизди дүйнө жүзүнө чейин жамандап чыгышты.

Мындай пикирин Роза Отунбаева президент Аскар Акаевдин «Независимая» гезитине 28-январда жарыяланган интервьюсу менен байланыштырды. Анда президент «тышкы иштери боюнча экс министр оппозициянын кыймылдаткычынын (локомотив) милдетин аткарып жатат» деп билдирген.

Анткен менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык саясатчылардын дооматтарын негизсиз деп эсептейт. Анын «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, шаардык милиция «эч кандай саясий заказ алган эмес жана алса да, андай заказды аткарбайт. Ал мыйзам чегинде иш жүргүзүүдө»:

- Байкуштарды камап, соттоп, куугунтуктап атат деп жердин баарына жазып атышат. Кечирип коюңуз, эгер, киши мыйзам бузса, эмне кылышыбыз керек?- деп билдирди ушул аптада өткөн маалымат жыйынында Кеңешбек Дүйшөбаев, - Чара көрбөй койсок шаарда эмне болот? Шаарда ошондой болсо республикада эмне болот? Анда бизде мындан да катуураак – «саргыч» же «тукаба» деген нерселер болот да. Ошондуктан мен шаардык ички иштер кызматынын жетекчи катары айтып коеюн, шайлоо убагында шаарда эч кандай башаламандык, чектен чыгуу, эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбойт.

Ал эми «Жарандык тилектештик» коомдук түзүлүштүн мүчөсү Дастан Сарыгуловдун оюнда аталган саясатчыларга байланышкан соттук териштирүүлөр тирешүүнү күчөтүшу гана мүмкүн:

- Албетте, бул сот иштери тирешүүнү гана күчөтөт. Бийликке эле керек болбосо элге тирешүүнүн эч кандай кереги жок. Кыш суук, калың болуп атат. Түшүнүксүз иш болуп атат биздин коомдо.

XS
SM
MD
LG