Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ КЫРДААЛ


Нарын АЙЫП, Прага 30-январда Иракта өтө турган жалпы элдик шайлоо алдында өлкөнүн чек аралары жана негизги аба майданы жабылып, түнүчүн өзгөчө абал тартиби киргизилгендиктен, көчөгө чыккан адамдар менен машинелердин саны кескин азайды. Ага карабастан террордук аракеттер дагы эле ишке ашырылууда жана шайлоочуларды добуш берүү түйүндөрүнө алып келүү өзүнчө маселеге айланууда.

29-январда эртең менен Ирактын түндүгүндөгү Ханакин шаарында бир жан кечти шайлоо түйүнүнүн алдында өзүн өзү жардырып жиберип, дагы беш адамдын өмүрүн ала кетти. Өлгөндөрдүн бири жаш бала. Ошол эле күнү Дохук, Ирбил, Киркук, Хавия жана Байван шаарларында дагы кагылышуулар болду, Сувайра шаарында болсо согушкерлер Улуттук гвардиянын барактарына чабуул жасагандан бир аскер окко учту.

"Ал-Каида" террордук уюмунун Ирактагы жетекчиси деп саналган Абу Мусаб аз-Заркави 28-январда Интернет аркылуу элге кайрылып, капырлар уюштуруп жаткан шайлоого Ирак мусулмандарын катышпоого чакырды. Анын айтымында, добуш берүү түйүндөрүнө келген шайлоочуларга каршы катуу чаралар көрүлөт.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында өкмөт Ирактын мамлекеттик чек аралары менен Багдаддагы эл аралык аэропортту жаап, өлкө боюнча үч күндүк коменданттык убакыт тартибин киргизди. Натыйжада жети миллион калкы бар Багдад шаарынын көчөлөрү азыр дээрлик тымтырс.

Полиция капитаны Хамид Кадимдин айтымында, мындай тартип дүйшөмбү күнү, 31-январда аяктайт:

- Бүгүн көчөдө машинелер аз, анткени бийлик тарабынан жаңы эреже киргизилди - бүгүндөн тартып 31-январга, добуш берүү аяктаганга чейин коменданттык убакыт тартиби аткарылат. Ирак жана Ирак элин бул сыноодон аман-эсен алып өтсүн деп биз Алла-тааладан суранабыз.

Мындай абалда шайлоочуларды добуш берүү түйүндөрүнө алып келүү өзүнчө чоң маселеге айланууда жана кээ бир эксперттердин айтымында, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны жетиштүү болсо эле, ошону ийгилик деп эсептесе болот.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дагы 28-январда Ирак элине кайрылып, аларды шайлоого катышууга чакырды:

- Кайсы болбосун өлкөнүн келечегин аныктоонун эң туура жолу - шайлоо. Демократиялык укугуңардан пайдаланып, добуш берүүгө катышып бергиле. Өлкөдө түзүлгөн азыркы абалдын себептери эмнеде болсо дагы, мыйзам бузуулар менен белгисиздиктен тынчтык жана өкүлчүлүктүү бийлик түзүүгө шайлоо аркылуу өтсө болот.

Ирактын 27 миллион калкынын 15 миллионго жакынынын добуш берүүгө укугу бар. Андан тышкары 14 чет мамлекетте 74 атайын шайлоо түйүнү ачылган жана өлкөдөн сырткары жашаган 280 миң шайлоочуга 28-январдан тартып добуш берүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Ирактын өзүндө болсо тогуз миңге жакын шайлоо түйүнү иштейт.

Улуттук парламентте 275 орун болот, шайлоо партиялык тизмелер менен өткөрүлөт, көптөгөн коомдук уюмдар дагы өз тизмелерин түзгөн жана шайлоочу добуш берүүгө келгенде, жүзгө жакын ар башка мүмкүнчүлүктөн тандаш керек болот.

Чет өлкөлөрдөн шайлоого 128 байкоочу келди, өлкөнүн өзүндө 18 миң байкоочу даярдалган, партия менен кыймылдар болсо өз катарынан дагы 23 миң байкоочу чыгарат.

Анткен менен, коопсуздуктун айынан, бир дагы уюм шайлоо түйүндөрүндө добуш берип чыккандар арасында сурамжылоо өткөрбөйт, ошондуктан шайлоонун жыйынтыктары менен расми комиссиялардын билдирүүлөрүнөн гана таанышса болот. Алгачкы маалыматтар отузунан отуз бирине караган түнү жарыяланат деп айтылууда, расми жыйынтыктар болсо 7-10 күндүн ичинде гана чыгарылат.

Өлкө калкынын 60 пайызын шийи мусулмандары түзгөндүктөн жана шайлоо партиялык тизме боюнча өткөрүлүп жаткандыктан, анда шийилер утуп чыгаары күтүлүүдө, ошондуктан өлкөнү мурда башкарган суннилердин кээ бир уюмдары шайлоону бойкоттоодо.

XS
SM
MD
LG