Американын мурдагы биринчи айымы менен Жон Маккейн бул сунушун тастыктаган катты Норвегиядагы Нобел институтуна жөнөтүштү. Сенаторлордун пикиринде, бул эки президент бейпилдикке жана демократияга берилгендигин бүт дүйнө алдында көрсөтө алгандыгы үчүн аталган сыйлыкка татыктуу.
Хиллари Клинтон өз кезегинде Саакашвили менен Ющенко Нобел сыйлыгын алган күндө бул окуя башка мамлекеттерди да демократияга шыктандырарын белгиледи. Нью-Йорк штатынан шайланган сенатор Хиллари Клинтон менен республикачы сенатор Жон Маккейндин бул сунушу кыргыз коомчулугунда кайчы пикирлерди жаратууда.
Белгилүү ишкер Маамыт Салымбеков Грузия менен Украина президенттери Нобел сыйлыгына татыксыз деген ойдо. Анын пикиринде, экөө тең бийлик талашышты, андыктан алардын ролуна ашепке баа бергендик болуп калат:
- Элди бир каргашадан алып чыккан же ага кириптер кылбоонун жолун ойлоп тапкан адамдар Нобел сыйлыгын алат. Элдин жыргалчылыгы жана бейпилдиги үчүн жасаган болушу керек. Ал эми Саакашвили менен Ющенко бийлик талашты да. Бийлик талашуунун бир ыкмасы катары алар ыңкылапты тандап алышты. Ал «тукаба ыңкылаппы» же жөн эле ыңкылап болобу, менин оюмча, Нобел сыйлыгына татыксыз.
«Келкел» атуулдук өнөктөштүгү деп аталган жаштар кыймылынын лидерлеринин бири Алишер Мамасалиев Украина менен Грузияда болгон «тукаба ыңыкаптарды» президент өзү баш болуп кыргыз бийлиги сынга алып атканы менен Нобел сыйлыгына көрсөтүлүшү бүт дүйнө таанып, алардын нукура демократиялык жол менен бийликке келгенинин чоң далили деген пикирин ортого салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов эли советтик доордон калган шайлоого карата эски калдыктарды Украина менен Грузиянын буза алды деген ойдо, андыктан Нобел сыйлыгын алышына каршы эмес:
- Постсоветтик мейкиндикте шайлоонун жыйынтыктарын бийлик өз ыңгайына жараша жасап койушу көнүмүш болуп калган. Советтик доордон калган бул эски адатты жок кылса болорун бул эки эл далилдеди да. Шайлоого эл өзү катышып, эл жеңип чыкты.
Дүйнөлүк тажрыйбада саясий ишмердиги үчүн Нобел сыйлыгын алгандар жок эмес. Палестин жана Израил лидерлери эки эл ортосундагы мамилени жумшарта алганы үчүн Нобел сыйлыгын алышкан. «Агым» гезитинин саясий баяндамачысы Алым Токтомушев Нобел сыйлыгы бул эки президентке берилип калышы мүмкүн деген оюн билдирди.
Кыргызстан президенти Аскар Акаев Орусиянын «Независимая газета» гезитине берген маегинде мындай «тукаба ыңкылаптар» үчүн Кыргызстанда кыртыш бар экенин белгиледи.
Мамлекет башчысынын оюнча, мисалы, Түркменияда ар кыл түстөгү ыңкылаптар болушу мүмкүн эмес, ал эми авторитардык эмес демократиялуу багыттагы Кыргызстанда кайсы бир күчтөр тарабынан «тукаба ыңкылап» пландаштырып жатышы ыктымал.
Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан президенти Грузия менен Украинанын мамлекет башчыларын жеригендей мамиле кылганы да жашыруун эмес. Мисалы, Виктор Ющенкону коррупцияга малынган жетекчи катары баа берип, Украинанын президенти катары таанылгандан кийин эң акыркылардан болуп куттуктаганы маалым. Аскар Акаев коомчулук менен жолугушууларында чет жактан экспорттолуп келип аткан ар кандай түстөгү ыңкылаптарга каршы турууга чакырып келет.
Айрым байкоочулардын баамында, Саакашвили менен Ющенкого Нобел сыйлыгы берилсе алардын демократиялуу шайланышын дүйнөлүк коомчулук тааныганынын дагы бир белгиси болмок. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова бул окуя бүтүндөй КМШ алкагы үчүн сыймык болот деген ойдо. Анын пикиринде, бул окуяга постсоветтик өлкөлөрдөгү ар бир атуул сыймыктанмакчы.