Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

ООГАНСТАНДЫН МАҢ ЗАТТАРЫН ЖОК КЫЛУУ ПРОГРАММАСЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Кошмо Штаттары баштаган маң заттарына каршы жаңы программа жеке дыйкандардын апийим өстүрүүсүн токтотууга басым жасайт, бирок эл аралык гумманитардык жардам агенттиктери бул план карапайым дыйкандарды жакырчылыктын сазына батырып, ошол эле мезгилде ортоңку жана жогорку деңгээлдеги соодагерлердин кылмыштуу иштерин токтотуу жаатында дээрлик чара көрүлбөй жаткандыгын сынга алышты. Ооганстандын президенти Хамид Карзай болсо маң заттарын мыйзамсыз өстүрүүнү токтотууну башкы милдеттердин бири деп аныктаган.

Ооганстанда иштеген 30тан ашык жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Кошмо Штаттары баштаган маң заттарын жок кылуу программасын сындап чыгышты.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райска жолдогон катында бул уюмдар Ваштингтондун маселеге көңүл бурганын жакшы жөрөлгө деп баалашты. Ошол эле убакта аталган план Ооганстанды коога-калабага кириптер кылышы мүмкүн экендигин эскертишти. Алар дыйкандар банкрот болуп, бул план миллиондогон ооган атуулдарын өкмөт менен кайраштырып коерун эскертишти.

Сын катты жазгандардын арасында Кеа, Мөси Сорс жана Оксфам өңдөнгөн кадырлуу гумжардам уюмдары да бар. Алар Кошмо Штаттарын баңги заттарды жок кылууда дыйкандардын күн көрүүнүн апийим өстүрүүдөн башка жолуна түшүшүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Кеа уюмунун Ооганстан боюнча координатору Пол Бейкер мындай дейт:

-Биз апийимди жок кылууга эмес, биринчи кезекте апийимди жок кылууга ашыкча басым жасалышына каршыбыз. Быйыл бир канча жерде апийим жок кылынат экен, биз муну түшүнөбүз. Бирок наркозаттар менен күрөштө мындан башка да чара көрүлбөсө, апийимди жок кылуу өлкөдөгү эң жарды атуулдарга терс таасирин тийгизип, жаранын өзөгүн тазалоого даба боло алабайт. Бул кембагал дыйкандардын эмес, маң заттарын иштеткендер менен аны андан ары саткан соодагерлердин кылганы эмеспи.

АКШ баштаган согушта талиб бийлиги кулагандан бери ооган жергесинде апийим өстүрүү кескин көбөйдү. Бүгүн мыйзамсыз апийим соодасы ооган экономикасынын 60 пайызын түзөт. Өткөн жылы 350 миң түтүн апийим өстүрүү менен жан баккандыгы эсептелинип чыккан.

Бириккен Улуттар уюму Ооганстанда бүгүн талибдердин кайра бийликкке келиши эмес, нарко-соода эң башкы коркунуч экендигин эскертүүдө.

Кошмо Штаттары 2005-жылы Ооганстанда маңзаттарын жок кылууга 750 миллион доллар бөлүүдө. Бирок бул акчанын аз гана бөлүгү дыйкандарга мыйзам уруксат берген өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүшүн кепилдөөчү программаларга жумшалат.

Бүгүн апийим Ооганстандын бардык провинцияларында өстүрүлөт:

- Альтернативдүү өсүмдүк өстүрүүнү каржылоону караган бул америкалык жаңы демилге аз гана провинцияларды камтыйт. Ал эми апийим Ооганстандын бардык 34 провинциясында өстүрүлөт. Биз Ооганстандагы жарды дыйкандарга текши иштиктүү альтернативаны сунуш эткен жалпы улуттук программанын болушун каалайбыз.

Жардам агенттиктери эгер дыйкандар апийимден дароо баш тартууга мажбурланса, алар карызынан кутулуш үчүн жерин гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүн да сатууга аргасыз болушаарын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG