Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:01

Ющенко Франциянын тышкы иштер министри менен жолукту


КИЕВ. Украинанын президенти Виктор Ющенко бүгүн Франциянын тышкы иштер министри Мишель Барнье менен Украинаны Европанын түзүлүштөрүнө интергациялоо перспективаларын талкуулады. Барнье Юшенко ант бергенден бери өлкөгө келген алгачкы жогорку даражалуу батыш саясатчысы. Бүгүн Киевде Юлия Тимошенко баштаган жаңы өкмөттүн алгачкы жыйыны өткөрүлүүдө. Тимошенко Украинанын Орусия менен мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталап, бирок Украинанын стратегиялык багыты- Еврошаркет менен жакындашуу экенин билдирди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG