Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Багдадда египеттик төрт адам уурдалды


“Ал-Арабия” телеканалынын маалыматына ылайык, “Ораском” деген египеттик телекоммуникациялык компания үчүн иштеген 4 киши үйүнөн кызматына бараткан жеринен барымтага алынган.
Ал эми жума күндөн бери жоголуп жаткан италиялык журналист Жулиана Згренаны уурдоо үчүн жоопкерчиликти ислам согушкер тобу өзүнө алды. Жихад уюму деп аталган топ Рим өкмөтү дүйшөмбүгө чейин өз аскерлерин Ирактан алып кетпесе, журналисттин көзүн тазалайбыз деген ультиматум койду.
“Il Manifesto” гезитинин кабарчысы Згрена Багдаддын көчөлөрүндө эл менен маектешип жаткан жеринен уурдалып кеткен.
Анын аралыгында, польшалык аскерлердин ырастоосунда, Ирактын улуттук гвардиясынын патрулуна болгон кол салуудан эки ирактык жоокер окко учуп, үчөө жарадар болду.

XS
SM
MD
LG