Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кондолиза Райс Израилге барды


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Европа турнесинин алкагында бүгүн Түркиянын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрүн улантып, түштөн кийин Израилге жөнөп кетти.
Райс айым жөөт премьер-министри Ариэль Шарон жана тышкы иштер министри Сильван Шалом менен жолугушмакчы. Ал эми эртең Иордан дарыясынын батыш жээгинде Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен кездешет. Сүйлөшүүлөрдө Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин жандантуу маселелери талкууланмакчы. Шейшембиде Шарон менен Аббас Египеттин Шарм-Эл-Шейх курортунда саммит өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG