Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

АКШ президенти Европа жетекчилерине ыраазычылык билдирүүдө


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Европа жетекчилери менен жолугуп, Иран маселесин талкуулаганда, алардын Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнө карата билдирген мамилесине президент Жорж Буш канааттанганын билдирди. Президенттин айтымында, бул маселе боюнча бүткүл дүйнөлүк коомчулук бирдиктүү турумда экенин Тегеран түшүнүүгө тийиш: "Бүткүл эркин дүйнө бул маселе боюнча тынчсызданып жатканын ирандыктар билип-түшүнүүгө тийиш: өзөктүк курал өндүрүлбөш керек.. Анын себебин дагы алар түшүнүүгө тийиш - колуна өзөктүк курал тийген Иран бүткүл дүйнөдөгү абалды бейстабилдештирет". Буш бул сөздөрдү кечээ күнү Вашингтондо Польшанын президенти Александр Квасневски менен жолукканда айтты.

XS
SM
MD
LG