Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:51

ХАРИРИНИН ТАЖИЯСЫ АНТИСИРИЯЛЫК ЖҮРҮШКӨ АЙЛАНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар уюму дүйшөмбү күнү Ливандын баш калаасы Бейрутта болгон террордук кол салууну эл аралык дэңгээлде иликтөөгө үндөп, Сириядан Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүсүн кайрадан талап кылды. Бейрутта болгон террордук кол салуудан өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харири, анын сакчылары жана башка кишилер, баары болуп 13 адам курман болуп, 120 дан ашык киши жараат алган. Шаршемби,16-феврада акыркы жайына койулган Хариринин тажиясы үлкөн антисириялык демонстрацияга айланды.

Дүйшөмбү күнкү теракттан курман болгон Ливандын экс- премьери Рафик Харири Бейруттун Мухамед ал-Амин Мечитинде акыркы жайына койулду. Тажияга АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Уильям Бөрнс, Араб Лигасынын баш катчысы Амр Мусса, Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Набиль Шаат жана башка мартабалуу чет элдик өкүлдөр катышты.

Маркум Харири менен коштошууга келген миңдеген ливандыктар Сириядан Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүсүн, Ливандын иштерине кийлигишүүнү токтотуусун талап кылышты.

Бейруттагы кандуу террордук кол салуудан бир өткөндөн кийин Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши атайын билдирүү таратып, Сириядан Ливанда турган 15 миңдей аскерин чыгарып кетүүсүн талап кылды. Кеңеш койуп жаткан талаптардын маани-маңызы тууралу Франциянын Улуттар уюмундагы элчиси Жан Марк Де Ля Саблиер «Азаттыктын» кабарчысына буларды айтты:

- Бул Сирияны кысмакка алуу эмес. Маселе мурда кабыл алынган резолюцияны ишке ашырууунун зарылчылыгында жатат. Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Ливандын көз караандысыздыгы, суверендүлүгү менен террриториялык бүтүндүгүн көздөп кабыл алынган 1559 - резолюцияны ишке ашырууда баардык тараптарды кызматташууга чакырып жатат.

Аталган резолюциянын демилгечилеринен болгон франциялык жана америкалык дипломаттар Бейруттагы жардыруунун жоопкерчилигин кайсы бир тарапка жүктөй салууга али эртелик кыларын белгилеп, ошону менен бирге эле сириялык аскерлердин Ливанда туруусун, Сириянын Ливандын саясатында ортомчу ролду ойношу катачылык экенин айтышат.

Президент Эмиль Лахуддун кызмат мөөнөтүн узартууга каршы чыккан Рафик Харири, парламент өлкөнүн Конституциясына оңдоо киргизип, президентти дагы үч жылга кызматта калтырган соң, өткөн октябрда отставкага кеткен. Узакка созулган ички согуштан жабыркаган Ливандын экономикасын кайра курууга опол-тоодой салым кошкон Харири Сириянын Ливандын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы болгон.

Президент Лахуддун өкмөтүн "Сириянын марионеткасы" деп атаган оппозициянын катарына акыркы убакта Харириден башка да таасирдүү саясатчылар кошула баштаган. Эгерде Харири баштаган оппозиция алдыдагы парламеттик шайлоодо жеңишке жетишсе, жаңы өкмөттүн Сириянын кийлигишүүсүнө каршы чечкиндүү чара көрөөрү турган иш эле.

Айрым байкоочулар экс - премьердин өлүмүнө Сириянын жана Сирияны колдогон ливандык чөйрөлөрдүн тиешеси бар деп божомолдошот.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчисинин орун басары Эн Патерсон Америка Бейруттагы терактты обу жок саясатташтыргысы келип жатат деген айыптоолорду четке какты:

- Муну биз тараптан жасалган саясий жүрүш деп атоого болбойт. Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши бул маселеге көптөн бери аралашып, башка өлкөлөрдүн Ливандын иштерине кийлигишүүсүн токтотууга аракеттенип келатат,- деди Паттерсон.

Энн Патерсоон айткандай эле, Улуттар уюму бул проблеманы чечүүгө көптөн бери белсенүүдө. Өткөн жумада баш катчы Кофи Аннан Сирияга өкүлү Терже Рөд Ларсенди жиберип, расмий Дамасктан Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган.

Бейруттагы кандуу чабуулду эл аралык эксперттердин катышуусу менен иликтөө үчүн Аннан кандай конкреттүү чара көрө турганы азырынча анык эмес.15-февралда Ливандын ички иштер министри Сулейман Франжие анын өлкөсү андай иликтөөгө макул болбой турганын билдирди.

Америкалык дипломаттар теракттын артында кимдер турбасын, Коопсуздук кеңешинен аларды жазалоону талап кылып жатат. Ал эми президент Жорж Буштун администрациясы Дамаскка каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG