30-январда Иракта өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары 13-февралда жарыяланды жана азыр өлкөнүн саясий күчтөрү жаңы парламент менен жаңы өкмөт түзүү иштери менен алек. Шайлоодо эң көп добушка шийи мусулмандар бирикмеси жетишти, алар берилген добуштардын 48 пайызына ээ болду жана 14 пайыз добуш менен экинчи орунга күрддөр чыкты.
Парламентте 275 орун бар жана күрддөр менен шийилер бириккенде 205 орунга ээ болуп, маанилүү чечимдерди кабыл алууга талаптуу үчтөн эки добуштардан ашыкка ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан азыр күрддөр менен шийилер ортосунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөр негизги мааниге ээ.
Түзүлө турган парламент утурумдук уюм болот, ал бир жылдын ичинде өлкөнүн жаңы конституциясын иштеп чыгууга тийиш жана анын негизинде Ирактын жаңы президенти шайланат.
Утурумдук жетекчилик кызматка болсо шийилер тарабынан төрт адам көрсөтүлүүдө - мурдагы вице-президент Ибрагим Жафаари, АКШ мурда колдоп келген саясатчы Ахмад Чалаби, мурдагы каржы министри Адел Абдул-Махди жана окумуштуу Хусейн ал-Шахристани.
Президенттикке өз талапкерлигин күрддөр жетекчиси Жалал Талабани дагы көрсөттү. Парламент өзүнүн биринчи жыйынында президентти жана анын эки орун басарын шайлоого тийиш, кийин ал үч адам утурумдук өкмөттүн башчысын тандайт, бирок биринчи жыйын качан болоору азырынча тактала элек.
Мурда көп жылдар бою Иракта бийлик кылган суннилердин көпчүлүк партиялар менен уюмдары шайлоону бойкоттогон жана кээ бир партиялар ага катышканы менен, ийгиликке жете алган жок. Мурдагы утурумдук президент Гази ал-Явар жетектеген партия эки пайыздан да аз добушка гана жетишти, белгилүү сунни саясатчысы Аднан Пачачинин уюму андан кем добуш алды. Мындай абалда көпчүлүк жетекчилик кызматтарга шийилер жана күрддөр жетип, суннилер четте калса, жаңы маселелер пайда болушу мүмкүн.
Ирактагы жагдай 16-февралда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкууланды жана жыйынга катышкан баш катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Кирэн Предегаст Ирактын жетекчилери эми өлкөнүн жаңы конституциясын иштеп чыгуу аракеттерине өлкө элинин бардык катмарларын катыштырууга тийиш деп билдирди:
- Эгер бүткүл элдик ынтымак орноп, бардык тараптар арасында мунаса табылбаса жана өлкө келечегин чечүүгө элдин бардык катмарлары катышпаса, жаңы араздашуулар пайда болушу мүмкүн.
Жыйынга төрагалык кылган Жоел Адечи болсо Иракта аскерий кагылышууларды уюштуруп жаткан согушкерлерге да кайрылды:
- Саясий жараянга күч колдонуу менен таасир этүүгө аракеттенгендерге Кеңеш кайрылып, аларды куралды таштап, саясатка катышууга чакырат. Куралдуу аракеттерден баш тарткан бардык күчтөргө өлкө жетекчилиги колдоо көрсөтүп, улуттук жарашуу жагдайын түзүүгө тийиш жана бардык атаандаштык саясий жол менен, тычтык ыкмалары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
Андан тышкары жыйын Бириккен Улуттардын өзүнө да кайырылып, өлкөнүн жаңы конституция долбоорун иштеп чыгууда жана башка саясий жараяндарга бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтүүгө чакырды. Бирок Багдад шаарында азыр Бириккен Улуттардын элүүгө жакын гана кызматкери бар, андан тышкары беш жана үч эксперт Басра менен Ирбил шаарларында аракеттенүүдө.