Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ЭҢ КИРЕШЕЛҮҮ ИШКАНАЛАР КИМГЕ ТИЕШЕЛҮҮ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 17-февралда президент Аскар Акаев мамлекеттик телеканал аркылуу "МСН" эркин гезитин сотко бере тургандыгын жарыялады. Ал эми айрым саясатчылар мамлекет башчынын мындай аракетин шайлоо өнөктүгү алдында өлкөдөгү эркин маалымат каражаттарына жана жарандык коомго каршы чабуул катары баалашууда. «МСН» гезитинин эмгек жамааты ушул эле күнү колунда соттун чечими жок туруп эркин гезитти айыптаганы үчүн мамлекет башчысын сотко берээрин жарыя кылышты.

“МСН” гезитинин он биринчи февралдагы номурунда “Аскар Акаев салган үй мынакей» деген аталыштагы макала жана мамлекет башчынын баласы жана күйөө баласына тиешелүү делинген Кыргызстандагы эң кирешелүү ишканалардын тизмеси жарыяланган.

Гезиттин жазганына караганда, президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге Канттагы “Цемент-шифер”, Кара-Балтагы “Сахар”, Кадамжайдагы “Сурма” комбинаты жана башка ондогон эң кирешелүү ишканалар, ал эми баласы Айдар Акаевге “Кумтөр” алтын ишанасы, Бишкекте бир нече жерге салынган “Народный” деп аталган магазиндер жана башка ири ишканалар тиешелүү.

“МСН” гезитиндеги мындай маалымат коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Айрым саясатчылар жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрү соңку мезгилдери өлкөдөгү кирешелүү байлыктарды менчиктештирип алгандыгы чын дешсе, мамлекет башчы Аскар Акаев аталган гезитте жарыяланган макалалар чындыктан алыстыгын айтып, кыргыз элинен жардам сурап кайрылды:

- Урматтуу мекендештер! Мен бүгүн сиздерден жардам сурап кайрылып жатам.

Аскар Акаев «МСН» гезитин жалган маалымат таратууда деп айыптап, аталган гезитти сотко бере тургандыгын жарыялады.

Мамлекет башчынын мындай кайрылуусуна карата коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов муну эркин гезиттерге чабуул катары баалайт:

- Мамлекет башчы өзүн байкуш, катардагы жаран катары көрсөтүп, коомчулукка кайрылганына ишенбеш керек. Биз сот ким тарабынан дайындалаарын билебиз. Ошондой эле Акаевдин соңку аракетин аткаруу бийлигинин өлкөдөгү эркин гезиттерге, жарандык коомго жана адам укуктарына болгон чабуулу катары эсептейбиз.

Учурда чет өлкөдө жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаев шайлоолор убагында элге маалымат жеткирбештин бир ыкмасы катары баалайт:

- Аскар Акаев президенттик, парламенттик шайлоолордо элге эркин маалымат жетпесин деген ой менен «МСН» гезитин сотко берди. Кыргызстанды жеп ичип алып, бардык байлыкты ээлеп алып, ошону жазып чыккан эркин гезитти жаап жок кылганга аракет кылууда. Менин оюм ушул. Мен мындай маалыматты дүйнө коомчулугуна жеткирем.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким болсо мамлекет башчыга каршы сотко арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди:

- Мамлекет башчы биздин гезитти «жалган жалаа таратууда» деп айыптоо менен бизди коомчулукка кылмышкер катары көрсөттү. Ошондуктан ар-намысыбызга, кадыр- баркыбызга доо кетиргендиги үчүн биз дагы Аскар Акаевди сотко беребиз. Күнөөлүү экендигибизди Кыргызстандын кылмыш кодексинин незинде далилдеген соттун чечими жок эле негизсиз каралап жатат.

XS
SM
MD
LG