Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

ЭРКИН ГЕЗИТ АСКАР АКАЕВДИ СОТКО БЕРМЕКЧИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президент Аскар Акаев 17-февраль күнкү кайрылуусунда «МСН» эркин гезитин “үй-бүлөөмдү негизсиз каралоодо” деп айыптады. Ошондой эле Аскар Акаев аталган гезитти жакын арада сотко бере тургандыгын жарыялады. Мамлекет башчынын мындай айыптоосу менен «МСН» гезитинин эмгек жамааты макул эмес. “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким “Азаттыкка” берген маегинде билдиргенге караганда, аталган гезиттин жамааты мамлекет башчысын сотко бергенге камданып жатат.

- Александр мырза, мамлекет башчынын сиз жетектеген гезитти айыптоосуна карата пикириңиз кандай?. Президенттин мындай айыпташы канчалык деңгээлде негиздүү?

- Биринчиден, мамлекет башчы улуттук телеканал аркылуу кыргыз элине болгон кайрылуусунда биздин гезитти абдан туура эмес сөздөрдү колдонуу менен айыптап, абдан чоң катачылык кетирди. Ал биздин гезитти жалган жалаа таратууда деп айыптоо менен бирге эле бизди коомчулукка кылмышкер катары көрсөттү.
Биз мамлекет башчы гезитти качан сотко берээрин күтүп жатабыз. Ал сотко берген арызында бизге кандай айыптоолорду койору азырынча белгисиз. Мамлекет башчы азырынча бизди курулай сөз менен негизсиз айыптап жатат. Эгерде, президент бизди сотко бере турган болсо, биз да аны сотко беребиз. Мамлекет башчы бизди коомчулукка негизсиз жамандап, ар-намысыбызга, кадыр баркыбызга доо кетирди. Анткени ал биздин Кыргызстандын кылмыш кодексинин незинде чыныгы күнөөлүү экендигибизди далилдеген соттун чечими жок эле негизсиз каралап жатат. Мамлекет башчынын бизди алдын ала эле айыптоого укугу жок болчу. Ал эми жалаа жабуу жалган маалымат таратты дегенди түшүндүрөт. Биз гезитте жарыяланган макалалардагы маалыматтарды сот жараяны учурунда далилдеп берүүгө даярбыз.

- Александр мырза,мамлекет башчы сотко берген күндө анын айыптоосуна каршы сиздерде кандайдыр бир фактылар барбы?

- Чынында, бизде сотто зарыл боло тургандан да көбүрөөк далил фактыларыбыз бар. Буга чейин «мамлекет башчы жана анын үй-бүлөө мүчөлөрү гезитте тизмеленген ишканалардын юридикалык ээси» деп жазган эмеспиз. Биз кагаз түрүндө ал ишканалардын ээлери башка адамдар, ал эми иш жүзүндө мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрү көзөмөлдүк кылаарын жазып келебиз. Мындай фактыларды учурда атын атагысы келбеген ар бир ишкерлер, ар бир атуул айтып бере алат. Ал эми өлкөдөгү эң кирешелүү тармактардын баары мамекет башчынын жакындары тарабынан көзөмөлдүк кылынаары буга чейин эле айрым саячатчылар тарабынан нечен жолу эле коомчулукка айтылып келген. Биз болгону ошол чындыкты коомчулукка ачык жазып бердик. Мындай нукура чындык мамлекет башчысына жакпай жатат. Өлкөдөгү кирешелүү тармактардын мамлекет башчысына тиешелүү экендиги тууралуу маалымат адегенде интернетке жарыяланган. Биз болгону ал маалыматты биз өзүбүздүн гезитке кайрадан жарыялаганбыз. Чынында бул жерде биз күнөөлүү да эмеспиз. Коомчулукка чындыкты айткан гезитти жаап коюуга аракет жасап жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес.

- Александр мырза, Кыргызстандагы эң кирешелүү ишканалар мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрүнө тиешелүүбү? Ал макалада жарыяланган маалыматтын канчалык чындыгы бар?

- Бул ишканалардан түшкөн кирешенин көбүн мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрү алып жатат деп эч жерде жазган жокпуз. Биз эмне үчүн өлкөнүн эң кирешелүү ишканаларынан түшкөн байлыктар элдин кызыкчылыгына жумшалбай жатат? Эмне үчүн тыштан келген миллиарддаган долларлар элге берилбей, кимдир бирөөлөр тарабынан уурдалып жатат? Биз ушул суроолорго жооп издеген макалаларды жазып келебиз.
XS
SM
MD
LG